COVID-19: Бишкек кызыл зонада. Чектөө чараларын киргизүү зарыл

12-январга карата коронавирус боюнча тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргызстан “сары зонада”, ал эми Бишкек шаары “кызыл зонада” турат. 

Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб билдирди.

Буга чейин, Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганын жана өлкөдө жаңы “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Ошондуктан, Кыргызстанда COVID-19га каршы экинчи жана үчүнчү вакциналарды алуунун аралыгы кыскартылды.

Эми кыргызстандыктар коронавирус инфекциясына каршы бустердик (вакцинанын 3-дозасы) дозаны вакцинанын 2-дозасынан кийин 4 айдан соң ала алышат. Мурда бул аралык 6 ай болгон. 

Мындай чечим КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына байланыштуу кабыл алынды.

Илдеттин төртүнчү толкуну башталганына байланыштуу:

– калк арасында эмдөө, анын ичинде бустердик доза менен камтууну жогорулатуу;

– коомдук жайларда (өзгөчө коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында ж.б.) эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү;

– чектөө чараларын киргизүү жана сактоо зарыл.

Белгилей кетсек, акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктуруунун 465 жаңы учуру аныкталып, илдетке чалдыгуунун өсүү тенденциясы байкалган.

Комментарий жиберүү