COVID-19: Кытайда сутка ичинде 23 минден ашуун учур катталды

Кытайда коронавирус боюнча сутка ичинде 23 миңден ашуун жаңы учур аныкталып, кайрадан антирекорд катталды.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.

Маалыматка караганда, жугузуп алгандардын көбү Шанхайда катталган жана көбүндө симптомсуз болууда.

Буга чейин, Кытай бийлиги өлкөнүн эң ири шаарларынын бири болгон Шанхайга миңдеген аскер жана медициналык кызматкерлерди жөнөтүп, шаарда жалпы тестирлөө жарыяланып, 26 миллионго жакын тургуну сөзсүз өтүүгө милдеттендиргени маалымдалган.

5-апрелде Шанхайда карантин бүтүшү керек болчу. Бирок кайра жугузуп алгандар көбөйүп, белгисиз мөөнөткө узартылды.

Кытайда бул илдеттин кескин өсүшү жана өкмөттүн пандемияга каршы катуу чаралары дүйнөнүн эң ири мунай импорттоочусунун күйүүчү майга болгон суроо-талабынын олуттуу кыскарышына алып келип жатканы айтылууда.

Айрым эксперттер Кытайда коронавирустун көбөйүшүнүн негизги себеби – массалык иммунитеттин жоктугу деп билдиришүүдө. Анткени коронавирус бул өлкөдө жаңыдан жайылып баштаганда катуу чектөөлөр киргизилип, өлкө калкынын басымдуу бөлүгү инфекциядан корголгон. Учурда Кытайда коронавирустун Omicron штаммы жайылып жатат.

Комментарий жиберүү