Экс-премьер-министр Ж.Оторбаев да кармалды

Экс-премьер-министр Ж.Оторбаев да кармалды

«Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев камакка алынды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. «16-сентябрда жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, тергөө өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаевди УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына кармоо чечимин кабыл алган. Тергөөдө аныкталгандай, Жоомарт Оторбаев өкмөт башчы болуп турган кезде, өкмөттүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кумтөр кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн, Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» Суу кодексинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуу…

Прочитайте больше

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жардам берет

Кытай Кыргызстанга 100 млн. доллар жардам берет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  16-сентябрда Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Коопсуздук жана коргоо, соода-экономикалык кызматташтык, инвестиция тартуу жана башка тармактарда Кыргызстан менен Кытайдын достук жана ынак коңшулаштык мамилелерин ар тараптуу өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы регионалдык коопсуздук жана туруктуулукту камсыздоо Кыргызстан менен Кытайдын тышкы саясатында негизги артыкчылыктарынын бири  болуп келерин белгиледи. Президент акыркы бир нече жылда, анын ичинде пандемияга карабай, Кытай Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана товар айлантууда…

Прочитайте больше

Смартфондордо бактерия, вирус сыяктуу мителер көп. Дагы бир пандемия болушу мүмкүн

Смартфондордо бактерия, вирус сыяктуу мителер көп. Дагы бир пандемия болушу мүмкүн

Австралиянын Бонд университетинин окумуштуулары смартфондор дагы бир пандемиянын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн экенин билдиришти. Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги чет элдик маалымат каражаттарына шилтеме берип жазды. Аталган университеттин окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө уюлдук телефондорго коркунучтуу патогендер – бактериялар жана вирустар бар экенин көрөттү. Мекеменин доценти, дарыгер Лотти Таджури кесиптештеринин операцияга даярданып, колун жуугандан кийин дагы телефондорун көп кармашарын байкап, иликтөө жүргүзүп көрүүнү чечкен. Жалпы 165 медиктин мобилдик телефону текшерилип, натыйжада бардык аппараттарда бактерия, вирус сыяктуу мителер көп…

Прочитайте больше