Кытай Кыргызстанга 1,5 миң тонна буудайды, беткаптарды бекер берди

Кытай Кыргызстанга 1,5 миң тонна буудайды, беткаптарды бекер берди

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинде Кытайдан келген гуманитардык жүктөрдү расмий тапшыруу аземи өттү. Ушул жумада Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кытай Эл Республикасынан 13-сентябрда Кыргызстанга келген жеке коргонуу каражаттарынан жана буудайдан турган гуманитардык жүктөр расмий түрдө тапшырылды. Гуманитардык жүктү кабыл алуу жана берүү актысына расмий кол коюуга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнь айым жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс -катчысы Азамат Мамбетов катышты. Эске салсак, жүк Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур…

Прочитайте больше

Иран Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн жер бөлүп берди

Иран Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн жер бөлүп берди

Иран өкмөтү Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн транзиттик жер тилкесин бөлүп берди. Бул тууралуу Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы алкагындагы эки тараптуу жолугушууда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Ирандын башкы дипломаты Хоссейн Амир Абдоллахиян билдиргенин 24-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жер тилкеси менен кошо Кыргызстандан чыккан же өлкөгө ташылып бараткан товардын транзити үчүн порттон тийиштүү инфраструктура да берилет. Бандар-Аббас – Ирандын түштүгүндө, Перс булуңунда жайгашкан порт шаары. Эки…

Прочитайте больше

Кабулдагы элчиликтин жаш кызматкери кыргыз жарандарын жалгыз эвакуациялаган

Кабулдагы элчиликтин жаш кызматкери кыргыз жарандарын жалгыз эвакуациялаган

Кыргызстандын Ооганстандагы мурдагы элчиси Мирослав Ниязов “Талибан” жоочулары шаарга киргенде Кабулдагы кыргыз жарандары кантип эвакуацияланганын Kaktus.media сайтына айтып берди. Анын айтымында, талиптер Кабулга киргенде жарандарды тез арада эвакуациялоо маселеси пайда болгон. Ал ошол учурда ооруп, Бишкектеги ооруканада болгон, ал эми кеңешчиси эс алууда болчу. Эвакуациялоо операциясын толугу менен элчиликтин бир кызматкери – Нурлан Орузбаев аткарган. “Ал бардык жарандарды чогултуп, аларды Кыргызстан менен Казакстандын элчиликтерине жайгаштырган. Тогуз киши талиптер курчап алган аэропортко жакын базада болгон. Нурлан ошого карабай брондолгон унаа…

Прочитайте больше