630 км. жол 120 километрге кыскарат. Таластан Ташкентке тоннель казылып, жол салынат

630 км. жол 120 километрге кыскарат. Таластан Ташкентке тоннель казылып, жол салынат

Таластан Ташкентке Түз ашуусу аркылуу тоннель куруп, жол салуу демилгеси кайрадан көтөрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков билдиргенин Turmush басылмасы жазды. Анын айтымында, бул долбоор Союз кезинде  иштелип чыккан. Бирок ишке ашкан эмес. “Биз ал долбоорду жандандыруу максатында инвесторлорго сунуш кылып жатабыз. Тоннель 5,7 км. аралыкта казылып, Талас-Ташкент каттамын камсыз кылат. Мындай каттам болсо, 630 км. аралыкты түзөт. Ал эми бул тоннель курулса, Талас менен Ташкенттин ортосундагы аралык 120 км. болуп калат….

Прочитайте больше

«Талибан» колду кесүү, өлүм жазасына тартуу сыяктуу катаал жазалоо ыкмаларын кайтарат

«Талибан» колду кесүү, өлүм жазасына тартуу сыяктуу катаал жазалоо ыкмаларын кайтарат

“Талибан” кыймылы кылмыштар үчүн жаза катары өлүм жазасын калыбына келтирет. Бул тууралуу кыймылдын жазаларды аткаруу боюнча комиссиясынын башчысы Нуреддин Тораби “Associated Press” агенттигине берген маегинде билдирди.   Ал талиптердин биринчи башкаруусу учурунда (1996-2001) колдонулган исламдык жазаларды колдонуу практикасы өлкөдө кайра баштала турганын билдирди. “Талибан” өлүм жазасынан тышкары,  жаза катары колду кесүүнү да кайтарат. “Колду кесүү коопсуздук үчүн керек. Биздин мыйзамдар кандай болушу керектигине эч ким кийлигишпеши керек. Биз мыйзамдарды Исламды карманып, Курандын негизинде орнотобуз”, –…

Прочитайте больше

Коронавируска каршы эмделген кош бойлуулар карынындагы баласына антитело бере алат

Коронавируска каршы эмделген кош бойлуулар карынындагы баласына антитело бере алат

Окумуштуулар вакцина алган кош бойлуу энелердин карынында жаткан балдардан антитело табышты. Бул тууралуу Daily Mail сайты жазды. Нью-Йорк университетинин окумуштуулары коронавируска каршы эмделген кош бойлуу эне карынында жаткан баласына антитело бере аларын аныкташкан. Окумуштуулар вакцина бир эле учурда эки өмүрдү, эне жана баланы олуттуу оорудан сактай турганын баса белгилешти. Алар энелери Pfizer жана Moderna вакциналары менен эмделген 36 ымыркайдан кандын үлгүсүн алышып, изилдөө жүргүзүшкөн. Алардын бардыгынан коронавируска каршы антитело табылган. Изилдөөдө кош бойлуулуктун экинчи жарымында…

Прочитайте больше

Британиялык окумуштуулар планетага зыянсыз пластик жасоону үйрөнүштү

Британиялык окумуштуулар планетага зыянсыз пластик жасоону үйрөнүштү

Улуу Британиядагы окумуштуулар планетага зыян тийгизбей турган, эрип же чиригенде момго (воск) айланган пластикти жасоону үйрөнүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.Пластикти жасоодо анын курамына ондогон химикаттар, анын ичинде каучук, май жана нымдуулукту сиңирип алуучу заттар кошулган.Химиялык кошулмалардын өлчөмүн туураласа болот. Мисалы, өтө жука азык-түлүк пленкасын же стакандарды өндүрүүгө ылайыктуу катуураак материалдарды жасаса болот.Эксперименттер көрсөткөндөй, жаңы ойлоп табылган ичке таңгактоочу материалдар 226 күндүн ичинде эрип же чирип жок болот, ал эми кадимки пластик баштыктын чирип…

Прочитайте больше

Кытай: Бир жарым литр коланы 10 мүнөттө ичкен жаш жигит каза болду

Кытай: Бир жарым литр коланы 10 мүнөттө ичкен жаш жигит каза болду

Кытайдын тургуну бир жарым литр коланы 10 мүнөттө  ичип, эртеси каза болуп калганын “Daily Mail” басылмасы жазды. 22 жаштагы бала салкындаткыч суусундукту ичкенден алты саат өткөндөн кийин ичи катуу ооруп, көөп Пекиндеги ооруканага кайрылган. Дарыгерлер бейтапты текшерип, пневматозду – ашказандын кырларында газга толгон шишиктердин жана боордун ишемиясы пайда болгонун аныкташкан. Мындан тышкары, жаш жигиттин жүрөгү тез согуп, дем алуусу ылдамдап, кан басымы төмөндөп кеткени байкалган. 12 сааттан кийин кан анализи бейтаптын боору катуу жабыркаганын көрсөткөн. Кийин анын…

Прочитайте больше