630 км. жол 120 километрге кыскарат. Таластан Ташкентке тоннель казылып, жол салынат

Таластан Ташкентке Түз ашуусу аркылуу тоннель куруп, жол салуу демилгеси кайрадан көтөрүлүүдө.

Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков билдиргенин Turmush басылмасы жазды.

Анын айтымында, бул долбоор Союз кезинде  иштелип чыккан. Бирок ишке ашкан эмес.

“Биз ал долбоорду жандандыруу максатында инвесторлорго сунуш кылып жатабыз. Тоннель 5,7 км. аралыкта казылып, Талас-Ташкент каттамын камсыз кылат. Мындай каттам болсо, 630 км. аралыкты түзөт. Ал эми бул тоннель курулса, Талас менен Ташкенттин ортосундагы аралык 120 км. болуп калат. Бул жолду кыскартат. Биз учурда Казакстан менен гана чектешип, экономикалык багытта алака жүрүп жатат. Бул каттам ачылса, экономикага, соода-сатыкка, туристтик багытта бир топ үзүрүн берет. Ташкент облусунда 18 район, 8 млн. жашоочу бар. Бул биз үчүн жаңы рынок болот. Бул долбоор 1 млрд. сомго чейин бааланып жатат. Ошондуктан ишенимдүү инвесторлорго сунушталууда”, – деди ал.

Комментарий жиберүү