Коронавируска каршы эмделген кош бойлуулар карынындагы баласына антитело бере алат

Окумуштуулар вакцина алган кош бойлуу энелердин карынында жаткан балдардан антитело табышты.

Бул тууралуу Daily Mail сайты жазды.

Нью-Йорк университетинин окумуштуулары коронавируска каршы эмделген кош бойлуу эне карынында жаткан баласына антитело бере аларын аныкташкан.

Окумуштуулар вакцина бир эле учурда эки өмүрдү, эне жана баланы олуттуу оорудан сактай турганын баса белгилешти.

Алар энелери Pfizer жана Moderna вакциналары менен эмделген 36 ымыркайдан кандын үлгүсүн алышып, изилдөө жүргүзүшкөн. Алардын бардыгынан коронавируска каршы антитело табылган. Изилдөөдө кош бойлуулуктун экинчи жарымында киндик канда антителонун деңгээли жогору болору аныкталган.

Буга чейин, дарыгерлер эпидемиологиялык абал курчуп жаткандыгына байланышуу кош бойлуу айымдарга каршы көрсөтмөлөрү жок учурда вакцина алууну сунушташкан. Анткени боюнда бар аялдар коронавирус жуктуруп алышса эрте төрөлүү же түйүлдүктүн көтөрүлбөй калуу коркунучу жогорулай турганын билдиришкен. Ошондуктан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кош бойлуу аялдарга вакцинаны дарыгерден кеңеш алгандан кийин алууну сунуштап жаткан.

Бирок, ошол эле учурда ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге кош бойлуулар коронавирусту оор көтөрө турганын жана бул түйүлдүккө да терс таасир этерин билдирген.

Комментарий жиберүү