Күзүндөгү депрессияга жол жок! Күз айында ыйманды бекемдөөнүн 4 ыкмасы

Күзүндөгү депрессияга жол жок! Күз айында ыйманды бекемдөөнүн 4 ыкмасы

Күз айы – бакчаларда жемиштер бышып, бак-дарактардагы жалбырактар сары, кызгылт өңдөргө боелуп, күн нурунун илеби акырындык менен өтө ысык тийбей, салкындап калган мезгил. Жыл мезгилдеринин кайсы учуру болбосун, ыйман келтирген адам жашоонун кооз көз ирмемдери менен ырахаттанып гана койбостон, айлана-чөйрөдөгү кубулуштарга ой жүгүртүп, андан өзүнө сабак алууга аракеттенүүсү зарыл. Күз айы бизге кандай сабактарды бериши мүмкүн? 1- Күз – жыл жыйынтыгын чыгаруучу ай. Айыл-чарбасы менен алектенген адамдар күз алардын жаздан берки эмгегинин натыйжасы кандай болгондугун көрсөтө турчу…

Прочитайте больше

Мыкты ата-эне болууда пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган 7 сабак

Мыкты ата-эне болууда пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган 7 сабак

Баланын курсагын тойгузуп, кийимин бүтөп койгон менен эле ата-эненин жоопкерчилиги бүтпөйт. Ата-эненин эң биринчи милдети – коомго татыктуу тарбияланган инсанды кошуу. Бул макалада мыкты ата-эне болуу үчүн пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунан алынган керектүү насааттарды сунуштайбыз. • Ырайымдуу жана боорукер болгула Алланын элчиси ﷺ айтты:“Өзүнөн кичүүлөргө ырайым кылбаган жана улууну урматтабаган адам бизден эмес” (Тирмизи). • Эркелеткиле Пайгамбарыбыз ﷺ бир күнү небереси Хасанды өөп жатканда Акра бин Хабис муну көрүп мындай деди:“Сиз балдарды өбөсүзбү? Менин 10 балам…

Прочитайте больше

«Талибан» Панжшерде толук көзөмөл орнотконун билдирди

«Талибан» Панжшерде толук көзөмөл орнотконун билдирди

“Талибан” кыймылынын жоочулары өлкөдөгү багына элек жалгыз аймак – Панжшерде  толук көзөмөл орнотту. Бул тууралуу кыймылдын расмий өкүлү Забихулла Муджахид билдиргенин Al Jazeera телеканалы маалымдады. Буга чейин талибтер Панжшердин губернаторунун кеңсесин басып алганы айтылган.  Ооганстандык “Asvaka” агенттиги талибтер Панжшердин губернаторунун имаратынын үстүнө желегин көтөргөнүн кабарлады. Кийинчерээк Улуттук каршылык көрсөтүү фронту Панжшер басылып алынганын четке кагып, капчыгайдын бардык тарабында “стратегиялык позицияларды” ээлеп турушканын жана талибтерге каршы күрөштү уланта турганын жарыялашты.  “Биз ооган элин талибтерге жана алардын өнөктөштөрүнө каршы…

Прочитайте больше

Муаммар Каддафинин уулу түрмөдөн чыкты

Муаммар Каддафинин уулу түрмөдөн чыкты

Ливиянын мурдагы диктаторунун уулу Аль-Саъеди Каддафи түрмөдөн бошотулганын өлкөнүн бийликтери жарыялашты. Белгилей кетсек, Аль-Саъеди 2011-жылы Араб жазы көтөрүлүшү учурунда бийликтен кулатылган диктатор Муаммар Каддафинин үчүнчү уулу.Ал-Саъеди Каддафи абактан чыккандан көп өтпөй Стамбулга учуп келгени айтылууда.Кээ бир маалыматтарга ылайык, маалымат булактары Каддафинин уулу өлкөнүн жогорку өкүлдөрү, ошондой эле Ливиянын премьер-министри Абдель Хамид Дабиба менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулганын ырасташкан. Сүйлөшүүгө Ливиянын мурдагы ички иштер министри Фатхи Башака да катышкан.Эске салсак, Саъеди Каддафи 2018-жылы Ливиянын Юстиция министрлиги тарабынан “киши өлтүрүү, алдамчылык, коркутуу, кулчулук жана мурдагы…

Прочитайте больше

Иранда коронавирус күнүнө 600дөн ашуун адамдын өмүрүн алууда

Иранда коронавирус күнүнө 600дөн ашуун адамдын өмүрүн алууда

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкөдө 25, 870 жаңы коронавирустук учур катталып, 610 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомчулук менен байланыш жана маалымат борбору мындай деп жарыялады: Кечээтен баштап, 2021-жылдын 5-сентябрына чейин жана акыркы диагностикалык критерийлердин негизинде, өлкөдө COVID-19 менен 25 870 жаңы бейтап аныкталып, алардын ичинен 3,430у ооруканага жаткырылган.Белгилей кетсек, өлкөдө COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 5 млн. 129 миң 407 адамга жетти.Акыркы 24 саатта коронавирус 610 бейтаптын өмүрүн алып, курмандыктардын…

Прочитайте больше

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин биргелешкен аскердик машыгуусуна катышуу үчүн 5-сентябрда Казакстандын аскердик контингенти Кыргызстандагы 20636 аскер бөлүгүнө келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги маалымдады.Кыргызстандагы “Эдельвейс” полигонунда “Рубеж-2021” деп аталган аскердик машыгуу 7-9-сентябрда өтөт. Ага Орусия баш болгон ЖККУга мүчө мамлекеттердин армиясы катышат. Иш-чара Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрүлүп жатат. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалга тынчсызданып, качкындардын агымынан чочулап…

Прочитайте больше