А. Жапаров: «Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу»

А. Жапаров: «Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу»

Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими жөнүндө учкай сөз. Өткөн жумада баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциясы же алтын, күмүш жана башка баалуу металдардын сатылышын көзөмөлдөгөн уюм Кыргызстандын алтынын сатып алууга чектөө киргизген болчу. Бул чечим өлкөбүздүн алтын өндүргөн ишканаларынын продукциясын сатып өткөрүүсүнө кандай таасир тийгизет? Бул тууралуу Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров социалдык тармактарга өз оюн төмөндөгүдөй билдирген: “Баары болжолдонгон сценарий боюнча болот, баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынын чечими күтүлгөн иш болчу. Жокко чыгаруу убактылуу…

Прочитайте больше

Дүйнөдө балдар анча белгилүү эмес RSV вирусун массалык түрдө жуктуруп жатат

Дүйнөдө балдар анча белгилүү эмес RSV вирусун массалык түрдө жуктуруп жатат

АКШ, Улуу Британия, Швейцария жана Япониянын дарыгерлери дүйнө жүзү боюнча балдар анча белгилүү эмес респиратордук-синцитиалдык вирусту (RSV) массалык түрдө жуктуруп жатканын билдиришти. Нью-Йорктогу ооруканалардын бириндеги балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Рабия Ага ымыркайлар менен балдардын жаңы вирус жуктуруп алуу учурлары апрель айында катталганын, андан улам реанимация бөлүмдөрү толуп калганын билдирди.Окумуштуулардын айтымында, коронавирус пандемиясы RSV вирусунун таралышына таасир этип, карантиндик чаралардан улам балдарда вируска каршы иммунитет пайда болгон эмес. Оору коронавирустук чаралар женилдетилгенден кийин күчөгөн. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө…

Прочитайте больше

ДСУнун башчысы Ооганстанга барды: «Талибан» эмне талап коёт?

ДСУнун башчысы Ооганстанга барды: «Талибан» эмне талап коёт?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Ооганстанга барды. Бул тууралуу жергиликтүү Tolo News телеканалы билдиргенин Спутник Тажикстан сайты жарыялады. Маалыматта айтылгандай, Гебрейесус Кабулда республиканын учурдагы бийлиги, радикалдуу “Талибандын” тарапкерлери менен жолугушмакчы. Ал согушкерлер менен Ооганстандагы саламаттыкты сактоо тармагындагы учурдагы абалды, Дүйнөлүк банктан өлкөгө жардамдын азайышын жана аны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоону көздөп жатат. Азыр өлкөдө бир нече миң клиника жабык, ошондуктан көптөгөн тургундар керектүү медициналык жардам ала албай жатышат. Буга чейин Пакистан Ооганстанда саламаттык…

Прочитайте больше

Японияда кары адамдардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Японияда кары адамдардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Бүгүн, 20-сентябрда Японияда карылар күнү белгиленип жатат. Өлкөдө 65 жаштан ашкан адамдардын саны алгачкы жолу 36,4 миллионго жетти. Бул көрөткч калктын 29,1 пайызын түзөрүн жана муну менен Япония кары-картаңдар көп жашаган өлкөлөр арасында дүйнөдө биринчи орунда турарын чет элдик басылмалар жазды. Аталган өлкөдө бир жыл ичинде улгайган адамдардын саны 220 миңге өскөн. Өлкөдө жалпы эркектердин 26 пайызын, ал эми аялдардын 32 пайызын жашы өткөндөр түзөт. Маалыматка ылайык, иш менен алек болгон пенсионерлердин да саны өсүп,…

Прочитайте больше