ДСУнун башчысы Ооганстанга барды: «Талибан» эмне талап коёт?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Ооганстанга барды.

Бул тууралуу жергиликтүү Tolo News телеканалы билдиргенин Спутник Тажикстан сайты жарыялады.

Маалыматта айтылгандай, Гебрейесус Кабулда республиканын учурдагы бийлиги, радикалдуу “Талибандын” тарапкерлери менен жолугушмакчы.

Ал согушкерлер менен Ооганстандагы саламаттыкты сактоо тармагындагы учурдагы абалды, Дүйнөлүк банктан өлкөгө жардамдын азайышын жана аны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоону көздөп жатат.

Азыр өлкөдө бир нече миң клиника жабык, ошондуктан көптөгөн тургундар керектүү медициналык жардам ала албай жатышат.

Буга чейин Пакистан Ооганстанда саламаттык сактоо системасын калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү ниетин билдирген.

Өлкө бийлиги талиптер келгенден кийин республикадан көптөгөн адистер чыгып кеткенин маалымдашкан.

“Медайымдар жумушка чыгуудан коркушат жана алардын көбү өз милдеттерин аткарбай жатышат. Кабулдагы Мухаммед Али Джинна ооруканасы жакшы иштеп жатат, бирок ал Кабулдун жана башка көптөгөн шаарлардагы элди карай албайт”,- деген Пакистандын премьер-министринин жардамчысы Файсал Султан.

Буга чейин согушкерлер оогандык дарыгерлерди жумушка чыгууга чакырып, аларга үч миң сомдон ашыгыраак маяна берүүгө даяр экенин айтышкан.

Белгилей кетсек, республикада курч абал бир гана саламаттыкты сактоо тармагында эмес, ошол эле экономика, билим берүү жана башка тармактарда да  сакталып турат.

Комментарий жиберүү