ШКУнун лидерлери Ирандын уюмга мүчө катары кирүүсүн жактырышты

ШКУнун лидерлери Ирандын уюмга мүчө катары кирүүсүн жактырышты

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Иранды уюмга кабыл алуу чечимин кабыл алышты. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Иранды кабыл алуу жол-жоболорунун башталышы жөнүндө документтерге кол коюшту. Ирандын тышкы иштер министри Хуссейн Амир Абдуллахиян ШКУга мүчө болуу Иран үчүн чоң стратегиялык мааниге ээ экенин билдирди. ШКУнун лидерлери уюмдун 20 жылдыгына карата Душанбе декларациясын кабыл алышты, ошондой эле кызматташуу боюнча дагы 30 документке кол коюшту. Мындан тышкары, Египет, Катар жана Сауд Аравиясына диалог боюнча макам берилет.  …

Прочитайте больше

Токаев Ооганстанга жардам берүү үчүн Алматыда ШКУнун хабын түзүүнү сунуш кылды

Токаев Ооганстанга жардам берүү үчүн Алматыда ШКУнун хабын түзүүнү сунуш кылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөсү ооган элине жардам көрөтүүгө даяр экенин билдирүү менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун башчыларынын Кеңешинин отурумунда Ооганстанга эл аралык жардам көрсөтүү үчүн Алматыда  ШКУнун хабын түзүүнү сунуш кылды. Казакстандын президенти “Талибан” бийликке келгенден кийин, Ооганстандагы кырдаал олуттуу туруксуздашууга кетип, жарандык согуш чыгуу коркунучу жогорулап жатканына токтолуп, Казакстандагы инфраструктураны эске алганда, эл аралык хаб согуштун курмандыктары үчүн бир катар гуманитардык-экономикалык маселелерди чече алат деп эсептейт. Ошондой эле, ал Казакстан келечектеги Ооганстанды өзү жана коңшулары менен…

Прочитайте больше

Кытайда COVID-19га каршы антителону 5 мүнөттө аныктоочу тест ойлоп табылды

Кытайда COVID-19га каршы антителону 5 мүнөттө аныктоочу тест ойлоп табылды

Кытайлык окумуштуулар коронавируска каршы антителону 5 мүнөттө аныктай турган жаңы диагностикалык системаны ойлоп табышты. Ал ийкемдүү органикалык резисторлордун негизинде жасалган.Аппараттын атайын сызыгына бир тамчы кан же шилекейди тамчылатуу керек. Анализдин жыйынтыгы 5 мүнөттөн кийин чыгат.Бул тууралуу “Science Advances” илимий журналындагы макалада айтылат.Маалыматта белгиленлдей, бул тест башка оорулардын козгогучтарына каршы антителолорду да аныктай алат. Бул үчүн антителолор байлануучу электродго башка белоктордун топтомун колдонуу жетиштүү.

Прочитайте больше

Кыргызстанда 19 жаштан 40 жашка чейинки аялдар ыктыярдуу түрдө Куралдуу күчтөргө чакырылышы мүмкүн

Кыргызстанда 19 жаштан 40 жашка чейинки аялдар ыктыярдуу түрдө Куралдуу күчтөргө чакырылышы мүмкүн

Кыргызстанда аял кишилерди Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөө үчүн ыктыярдуу чакырууга эч кандай тоскоолдуктар жок. Бул тууралуу КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн генералдык штабынын уюштуруу жана мобилизациялоо боюнча  башкы башкармалыгынын кадрларды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы полковник Канатбек Шамыров маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 19 жаштан 40 жашка чейинки аялдар эркектер менен бирдей даражада аскердик кызмат өтөөгө укуктуу. “Аялдарды штабдык жумуштарга, телефонист ж.б. ушул сыяктууларга чакырууга болот. Бирок мунун офицерлерге тиешеси жок. Офицер аял – бул башка категория. Аялдар аскердик бөлүктөрдө…

Прочитайте больше