Кытайда COVID-19га каршы антителону 5 мүнөттө аныктоочу тест ойлоп табылды

Кытайлык окумуштуулар коронавируска каршы антителону 5 мүнөттө аныктай турган жаңы диагностикалык системаны ойлоп табышты.

Ал ийкемдүү органикалык резисторлордун негизинде жасалган.
Аппараттын атайын сызыгына бир тамчы кан же шилекейди тамчылатуу керек. Анализдин жыйынтыгы 5 мүнөттөн кийин чыгат.
Бул тууралуу “Science Advances” илимий журналындагы макалада айтылат.
Маалыматта белгиленлдей, бул тест башка оорулардын козгогучтарына каршы антителолорду да аныктай алат. Бул үчүн антителолор байлануучу электродго башка белоктордун топтомун колдонуу жетиштүү.

Комментарий жиберүү