Кыргызстанда 19 жаштан 40 жашка чейинки аялдар ыктыярдуу түрдө Куралдуу күчтөргө чакырылышы мүмкүн

Кыргызстанда аял кишилерди Куралдуу күчтөрдө кызмат өтөө үчүн ыктыярдуу чакырууга эч кандай тоскоолдуктар жок.

Бул тууралуу КРнын Куралдуу Күчтөрүнүн генералдык штабынын уюштуруу жана мобилизациялоо боюнча  башкы башкармалыгынын кадрларды кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы полковник Канатбек Шамыров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 19 жаштан 40 жашка чейинки аялдар эркектер менен бирдей даражада аскердик кызмат өтөөгө укуктуу.

“Аялдарды штабдык жумуштарга, телефонист ж.б. ушул сыяктууларга чакырууга болот. Бирок мунун офицерлерге тиешеси жок. Офицер аял – бул башка категория. Аялдар аскердик бөлүктөрдө кызмат кыла алышпайт, бирок башка аскердик жумуштарда кызмат кылууга укукка ээ”, – деди Шамыров.

Комментарий жиберүү