Түркия Имам Сарахси жөнүндө кино тартып баштады. “Имамдардын күнү” атка конгон улуу аалым тууралуу 9 факт

Түркия Имам Сарахси жөнүндө кино тартып баштады. “Имамдардын күнү” атка конгон улуу аалым тууралуу 9 факт

Түркия атактуу Ислам аалымы Имам Сарахси тууралуу кино тартып баштады. Бул тууралуу жазуучу, премьер-министрдин кеңешчиси Султан Раев Фейсбук баракчасына жарыялады. “Түрк киночулары атактуу аалым, Ислам дүйнөсүндөгү эң көрүнүктүү диний ишмер Имам Сарахси Өзгөни жөнүндө кино тартып жатат. Окуя байыркы Өзгөн шаарында өтөт. Бул Өзгөндө өтүүчү “Өзгөн – Мунара” этнофестивалынын алдындагы зор жаңылык. Фильмдин өзөгүн Караханиддер доору, караханийлердин борбору – Өзгөн түзөт. Буюруса, байыркы Өзгөн Түрк дүйнөсүнө, ааламга дүңк этет го! Байыркы Өзгөн шаарын картадан издеп,…

Прочитайте больше

Израиль Батыш Шериадагы 48 миң акр жерди басып алды

Израиль Батыш Шериадагы 48 миң акр жерди басып алды

Израилдин администрациясынын блокадага алынган Батыш Шериада 48 миң акр Палестина жерин «табигый корук аймагы» деген дооматы менен басып алганы кабарланды. Израилдин администрациясынын блокадага алынган Батыш Шериада 48 миң акр Палестина жерин «табигый корук аймагы» деген дооматы менен басып алганы кабарланды. Палестинанын расмий агенттиги WAFAдагы кабарда, конфискацияланган жердин Бейтуллахим шаарынын түштүгүндөгү Кисар кыштагынын жанында экени айтылган. WAFAга маалымат берген Палестинаны боштондукка чыгаруучу уюмга караштуу бөлүү дубалы менен күрөшүү делегациясынын өкүлү Хасан Бурейже, бул жердин «табигый корук аймагы» деген шылтоо менен…

Прочитайте больше

Эксперт: «Талибан» менен тажик президентинин мамилеси чыңалууда

Эксперт: «Талибан» менен тажик президентинин мамилеси чыңалууда

“Талибан” менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ортосундагы мамиле мындан ары да начарлай берсе, жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Мындай пикирин эксперт Азамат Темиркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Саясат талдоочу Тажикстандын эгемендүүлүк алганынын 30 жылдыгына карата Рахмон легендарлуу Ахмад Шах Масудду өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыгы “1-даражадагы Исмоили Сомони” ордени менен сыйлаганы мындан 20 жыл мурун эле терс жакка бурулган Тажикстандын президенти менен “Талибан” кыймылынын ортосундагы начар мамилени ого бетер күчөттү деп эсептейт. “Рахмондун Ахмад Шах Масудга өлгөндөн кийин кадыр-барктуу сыйлык бергени…

Прочитайте больше

ШКУ өлкөлөрү Ирандын уюмга мүчө болуп киришинен кандай пайда көрөт?

ШКУ өлкөлөрү Ирандын уюмга мүчө болуп киришинен кандай пайда көрөт?

Өткөн аптада Душанбе шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекет башчыларынын 20 жылдык юбилейлик саммити өтүп, анын жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды. Мүчө мамлекеттер маанилүү чечимди жактырышты: ШКУ Жакынкы Чыгышка жайылууда. Эми дагы бир аймактык держава – Иран уюмдун тогузунчу толук укуктуу мүчөсү болот. Иран Ислам Республикасы менен ШКУнун мүчөлөрү өз ара кызматташуудан кандай пайда ала алары жана бул кадамдын аймактык коопсуздук менен кандай байланышы бар экени жөнүндө Орусиянын Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл…

Прочитайте больше

Жер планетасын магниттик бороон каптап келатат

Жер планетасын магниттик бороон каптап келатат

Күн динамикасынын обсерваториясы (SDO) 20-сентябрда Күндүн түштүк жарым шарында Жерди караган короналдык тешикти сүрөткө тартып алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Ал жерде бошоп калган плазма күн шамалынын бир бөлүгү болуп, Жерди көздөй келатканы байкалган. SpaceWeatherLive жарыялаган маалыматка караганда, эртең, 23-сентябрда шамал биздин планетага жетип, магниттик бороон-чапкындарды жаратышы мүмкүн. Адистер магниттик (геомагниттик) бороон деп магнит талаасы менен Күн шамалынын өз ара аракеттенүүсүнөн келип чыккан Жер планетасынын геомагниттик талаасынын бузулушун аташат.Мындай бороон бир нече…

Прочитайте больше