Израиль Батыш Шериадагы 48 миң акр жерди басып алды

Израилдин администрациясынын блокадага алынган Батыш Шериада 48 миң акр Палестина жерин «табигый корук аймагы» деген дооматы менен басып алганы кабарланды.

Израилдин администрациясынын блокадага алынган Батыш Шериада 48 миң акр Палестина жерин «табигый корук аймагы» деген дооматы менен басып алганы кабарланды.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAдагы кабарда, конфискацияланган жердин Бейтуллахим шаарынын түштүгүндөгү Кисар кыштагынын жанында экени айтылган.

WAFAга маалымат берген Палестинаны боштондукка чыгаруучу уюмга караштуу бөлүү дубалы менен күрөшүү делегациясынын өкүлү Хасан Бурейже, бул жердин «табигый корук аймагы» деген шылтоо менен алынганын айтты.

Бурейже Израилдин администрациясынын негизги максаты Кисар кыштагына жакын жайгашкан мыйзамсыз жөөттөрдүн Аби ХаНахал конушун кеңейтүү экенин баса белгиледи.

Израиль Батыш Шериадагы жерлерди “табигый корук аймагы” деген шылтоо менен тез -тез тартып алууда.

Палестиналык дыйкандарга конфискацияланган жерлерге дыйканчылык кылууга уруксат берилбей, ал жерлердин көбү кийинчерээк жаңы мыйзамсыз еврей конуштарын курууга же учурдагы конуштарын кеңейтүүгө пайдаланылат.

Чыгыш Кудста 18 мыйзамсыз, Батыш Шериада 250 мыйзамсыз жөөт конушу бар.

Палестинанын оккупацияланган аймагындагы бардык жөөт конуштары эл аралык укук боюнча мыйзамсыз деп эсептелет.

Комментарий жиберүү