ШКУнун лидерлери Ирандын уюмга мүчө катары кирүүсүн жактырышты

Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Иранды уюмга кабыл алуу чечимин кабыл алышты. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Иранды кабыл алуу жол-жоболорунун башталышы жөнүндө документтерге кол коюшту.

Ирандын тышкы иштер министри Хуссейн Амир Абдуллахиян ШКУга мүчө болуу Иран үчүн чоң стратегиялык мааниге ээ экенин билдирди.

ШКУнун лидерлери уюмдун 20 жылдыгына карата Душанбе декларациясын кабыл алышты, ошондой эле кызматташуу боюнча дагы 30 документке кол коюшту.

Мындан тышкары, Египет, Катар жана Сауд Аравиясына диалог боюнча макам берилет.  

Бүгүн, 17-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгы астында өтүп жаткан саммитке ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары катышты.

Алардын арасында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Пакистандын премьер-министри Имран Хан жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бар.

Ал эми Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Орусиянын президенти Владимир Путин ШКУнун жыйындарына видео байланыш аркылуу катышууда.

Мындан тышкары, иш-чараларга ШКУнун байкоочу өлкөлөрүнүн лидерлери – Беларусь президенти Александр Лукашенко, Иран президенти Ибрахим Раиси жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух катышууда.

Саммитке мейман катары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты.

Комментарий жиберүү