Токаев Ооганстанга жардам берүү үчүн Алматыда ШКУнун хабын түзүүнү сунуш кылды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөсү ооган элине жардам көрөтүүгө даяр экенин билдирүү менен Шанхай Кызматташтык Уюмунун башчыларынын Кеңешинин отурумунда Ооганстанга эл аралык жардам көрсөтүү үчүн Алматыда  ШКУнун хабын түзүүнү сунуш кылды.

Казакстандын президенти “Талибан” бийликке келгенден кийин, Ооганстандагы кырдаал олуттуу туруксуздашууга кетип, жарандык согуш чыгуу коркунучу жогорулап жатканына токтолуп, Казакстандагы инфраструктураны эске алганда, эл аралык хаб согуштун курмандыктары үчүн бир катар гуманитардык-экономикалык маселелерди чече алат деп эсептейт.

Ошондой эле, ал Казакстан келечектеги Ооганстанды өзү жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган көзкарандысыз жана бирдиктүү мамлекет катары көрөрүн баса белгиледи.

“Көп улуттуу эл жашаган Ооганстан мындай кыйын учурда жалгыз калбашы керек. ШКУ өзүнүн чоң таасири менен бул өлкөдө тынчтык жана ынтымакка жетүү үчүн жигердүү роль ойной алат деп ишенем. Биз жамааттык аракеттер менен гана, учурдагы коркунучтарга каршы күрөшүп, регионалдык коопсуздукту камсыз кыла алабыз”, – деди Токаев.

Буга чейин, БУУ Женевада конференция учурунда Ооганстан үчүн 1,1 миллиард доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам чогулткан. Акча өлкөнүн өнүгүү долбоорлорун жана гуманитардык кризистин алдын алууга жумшалмакчы.

Комментарий жиберүү