Японияда кары адамдардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетти

Бүгүн, 20-сентябрда Японияда карылар күнү белгиленип жатат.

Өлкөдө 65 жаштан ашкан адамдардын саны алгачкы жолу 36,4 миллионго жетти.

Бул көрөткч калктын 29,1 пайызын түзөрүн жана муну менен Япония кары-картаңдар көп жашаган өлкөлөр арасында дүйнөдө биринчи орунда турарын чет элдик басылмалар жазды.

Аталган өлкөдө бир жыл ичинде улгайган адамдардын саны 220 миңге өскөн.

Өлкөдө жалпы эркектердин 26 пайызын, ал эми аялдардын 32 пайызын жашы өткөндөр түзөт.

Маалыматка ылайык, иш менен алек болгон пенсионерлердин да саны өсүп, 9 миллионго жеткен. Алар акыркы 17 жылдан бери жаштар менен теңтайлашып иштеп келе жатканы баса белгиленген.

Белгилей кетек, жыл сайын сентябрдын үчүнчү дүйшөмбүсүндө Японияда карыларды урматтоо күнү белгиленет.

Комментарий жиберүү