Дүйнөдө балдар анча белгилүү эмес RSV вирусун массалык түрдө жуктуруп жатат

АКШ, Улуу Британия, Швейцария жана Япониянын дарыгерлери дүйнө жүзү боюнча балдар анча белгилүү эмес респиратордук-синцитиалдык вирусту (RSV) массалык түрдө жуктуруп жатканын билдиришти.

Нью-Йорктогу ооруканалардын бириндеги балдардын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Рабия Ага ымыркайлар менен балдардын жаңы вирус жуктуруп алуу учурлары апрель айында катталганын, андан улам реанимация бөлүмдөрү толуп калганын билдирди.
Окумуштуулардын айтымында, коронавирус пандемиясы RSV вирусунун таралышына таасир этип, карантиндик чаралардан улам балдарда вируска каршы иммунитет пайда болгон эмес. Оору коронавирустук чаралар женилдетилгенден кийин күчөгөн. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун маалыматы боюнча, оору көбүнчө жөтөл жана мурундун бүтүшү менен коштолуп, айрым учурда бронхиалит оорусуна алып келет.
Аталган борбордун маалыматы боюнча, RSV вирусу өзү өтө кооптуу эмес, анткени ал көпчүлүк учурда сасык тумоонун симптомдорун пайда кылат. Бирок бронхиттин пайда болуу коркунучу бар.

Комментарий жиберүү