Муаммар Каддафинин уулу түрмөдөн чыкты

Ливиянын мурдагы диктаторунун уулу Аль-Саъеди Каддафи түрмөдөн бошотулганын өлкөнүн бийликтери жарыялашты.

Белгилей кетсек, Аль-Саъеди 2011-жылы Араб жазы көтөрүлүшү учурунда бийликтен кулатылган диктатор Муаммар Каддафинин үчүнчү уулу.
Ал-Саъеди Каддафи абактан чыккандан көп өтпөй Стамбулга учуп келгени айтылууда.
Кээ бир маалыматтарга ылайык, маалымат булактары Каддафинин уулу өлкөнүн жогорку өкүлдөрү, ошондой эле Ливиянын премьер-министри Абдель Хамид Дабиба менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин бошотулганын ырасташкан. Сүйлөшүүгө Ливиянын мурдагы ички иштер министри Фатхи Башака да катышкан.
Эске салсак, Саъеди Каддафи 2018-жылы Ливиянын Юстиция министрлиги тарабынан “киши өлтүрүү, алдамчылык, коркутуу, кулчулук жана мурдагы оюнчу Башир Рянини мазактоо жана жаманатты кылуу” сыяктуу айыптар менен камалган.
Саъеди Каддафи ошондой эле 2011-жылы Ливиянын атайын күчтөрүн жетектеп, Ливиядагы жарандык согушка активдүү катышкан. Ошол эле жылы анын аты Интерполдун издөөгө алынган тизмесине киргизилген жана ал согуш жүрүп жаткан өлкөгө өткөрүлүп берилгенден кийин Ливиянын түрмөсүндө кыйноого кабылган деп болжолдонууда.
Айта кетсек, 2011-жылы Муаммар Каддафинин өкмөтү кулагандан бери бул африкалык өлкөдө тынчтык жана тартип орногон эмес. Акыркы жылдары Ливия эли Триполиде Файяз ас-Сираж жетектеген Улуттук Биримдик Өкмөтүнүн күчтөрү Ливиянын чыгышындагы чиновниктер менен Ливиянын Улуттук Армиясынын колдоосуна ээ болгон генерал Халифа Хафтардын жетекчилигиндеги эки топтун тирешүүсүнө күбө болду.

Комментарий жиберүү