Иранда коронавирус күнүнө 600дөн ашуун адамдын өмүрүн алууда

Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкөдө 25, 870 жаңы коронавирустук учур катталып, 610 бейтап каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомчулук менен байланыш жана маалымат борбору мындай деп жарыялады: Кечээтен баштап, 2021-жылдын 5-сентябрына чейин жана акыркы диагностикалык критерийлердин негизинде, өлкөдө COVID-19 менен 25 870 жаңы бейтап аныкталып, алардын ичинен 3,430у ооруканага жаткырылган.
Белгилей кетсек, өлкөдө COVID-19га чалдыккандардын жалпы саны 5 млн. 129 миң 407 адамга жетти.
Акыркы 24 саатта коронавирус 610 бейтаптын өмүрүн алып, курмандыктардын жалпы саны 110,674кө жетти.
Ошондой эле пандемия учурунда 4,362,814 бейтап айыгып кеткен жана ооруканадан чыгарылган.
Учурда коронавирус менен ооруган 7,689 бейтап ооруканалардын реанимация бөлүмдөрүндө каралууда.
Учурда өлкөдөгү 246 шаар кызыл, 144 кызгылт сары жана 58 шаар сары түстө.
COVID-19дун жаңы толкуну бул ирет өлкөдө катуу болуп, коронавирустун Дельта штаммы дагы кеңири жайылды. Ирандыктардын көпчүлүгү бул оорууга каршы эмдөө алганы менен жаңы ооруулардын саны азаймак түгүл, көбөйүүдө.
Эске салсак, Иран пандемия учурунда ата-мекендик вакцинасын “COV Iran Barakat” чыгарууга үлгүргөн.

Комментарий жиберүү