Күзүндөгү депрессияга жол жок! Күз айында ыйманды бекемдөөнүн 4 ыкмасы

Күз айы – бакчаларда жемиштер бышып, бак-дарактардагы жалбырактар сары, кызгылт өңдөргө боелуп, күн нурунун илеби акырындык менен өтө ысык тийбей, салкындап калган мезгил. Жыл мезгилдеринин кайсы учуру болбосун, ыйман келтирген адам жашоонун кооз көз ирмемдери менен ырахаттанып гана койбостон, айлана-чөйрөдөгү кубулуштарга ой жүгүртүп, андан өзүнө сабак алууга аракеттенүүсү зарыл.

Күз айы бизге кандай сабактарды бериши мүмкүн?

1- Күз – жыл жыйынтыгын чыгаруучу ай. Айыл-чарбасы менен алектенген адамдар күз алардын жаздан берки эмгегинин натыйжасы кандай болгондугун көрсөтө турчу мезгил экендигин жакшы билишет. Алар жазында үрөн сээп, жай бою аларга кам көрүп, талаа иштери менен алек болушат. Бирок алар күз айында гана эмгегинин акыбети канчалык кайткандыгын көрө алышат. Эгер дыйкандар мол түшүм жыйнай алышкан болсо, кышында аларды мыкты эс алуу күтүп турат. Анын сыңарындай, биз дагы өзүбүз үчүн жыл жыйынтыгын чыгарып, жыл башынан бери убакытты кандай өткөрүп, алдыга койгон максаттарга жетүүгө канчалык аракет кылганыбызды, кандайдыр бир жаңы өнөр үйрөнүү, турмуштук тажрыйба топтоо, кетирген каталардан өзүбүзгө сабак чыгаруу, жакындарыбыз менен болгон мамилени жакшыртуу, руханий өсүш жасай алганыбызга саресеп салчу мезгил келди. Андыктан, бул күндөрү ушул маселелердин үстүнөн ой жүгүртүп көрөлү.

2- Күз- жашоо агымынын өтө тездигин эске сала турган мезгил. Күз айынын бизге бере турган 2-сабагы – биздин ансыз деле кыска болгон өмүрүбүздүн өтө тездик менен өтүп жаткандыгын эске салуу. Анткени күз – кандайдыр бир деңгээлде жаратылыштын өлүмү. Биз суктанган кызыл жана сары түстөгү жалбырактар алардын “өлүмгө жакындаганын” билдирет. Анткени “тирүү” жалбырактар жашыл болот. Азыр аягына келбечүдөй болгон жайдын ысык күндөрү кокусунан муздак шамал, нөшөрлөп жааган жамгырларга алмашат. Ушундай эле абал качандыр бир убакта коштошушубуз керек болгон биздин жашообуздун материалдык тарабын дагы камтыйт.“Билгиле, чындыгында (бул) дүйнө – оюн, азгырык, кооздук жана өз ара мактануу, ошондой эле мал-мүлктү, бала-чаканы көбөйтүү (гана). (Бул дүйнө) өсүмдүктөрү каапырларды таң калтырган жамгыр сыяктуу. Ал кези келгенде кургап, сапсары болгонун көрөсүң, андан кийин кайра топуракка айланат. Акыретте катуу азап (бузукулар үчүн), ал эми Аллахтын кечирими жана ыраазылыгы- (момундар үчүн). (Бул) дүйнө жашоосу – алдамчы ырахат” (“Хадиид” сүрөсү, 20-аят).

Күзүндө саргарып, топурактын астында жок болгон жашыл жалбырактар сымал, азыр бизге бүтпөчүдөй көрүнгөн үй-бүлө, жакшы жашоо, ишкерчилик менен карьерадагы ийгиликтер сыяктуу бул дүйнөнүн жыргалчылыктары – биз бул дүйнө менен коштошуп жатканда бизди таштап кетет. Ал эми биз менен бирге колубузга алууга, көзүбүз менен көрүүгө болбой турган биздин Кудай менен болгон мамилебиз, адамдарга жасаган жакшылыгыбыз, балдарыбыз жана жакындарыбыздын биз үчүн жасай турган дуалары гана калат.

Муну менен биз бул дүйнөнүн жыргалчылыгын, материалдык бардарчылыкты четке какпайбыз, болгону бул нерселерге жүрөгүбүздү толугу менен байлап, жашоодогу эң башкы максатыбызды унутуп койбойлу деп айткыбыз келет.

3- Күз – үмүт кылуунун мезгили. Күз мезгили бизге кышкы сууктун келеринен кабар берет, бирок ошол эле мезгилде кайрадан жаркыраган жаз мезгили кирип келип, жалбырактар жапжашыл болуп жашарып, гүлдөр ачылып, күн нуру күлмүңдөп чыгарын айтып турат. Биздин жашообуздун да табияты дал ушундай. Кээде анда башыбызга кара түн түшкөнсүгөн күндөр болот. Жасаган иштерибиздин бири да оңунан чыкпай, жакындарыбыз ооруга кабылып, жубайларыбыз менен мамиле начарлап, материалдык кыйынчылыктар биринин аркасынан экинчиси каптап кирет. Мындай абалда эң башкысы – колду түшүрүп, үмүттөрдү үзүп койбоо. Кыйынчылыктар менен бирге жеңилдик да сөзсүз келерин эстен чыгарбоо. Жашоодогу кара сызыктар ак сызыктарга алмашып, күзгү салкын шамалдын ордун жазгы жылуулук басат.

Адамдын өмүрү да кудум ушул мезгил кубулуштарындай болот. Жыл өткөн сайын өмүр да өтүп, башка карылык түшөт. Ден соолук начарлап, денеден күч кете баштайт. Бирок өлүм бардык нерсенин аягы экенин түшүндүрбөйт. Анткени өлүмдөн соң түбөлүк чыныгы өмүр башталат. Бизге эч качан картайбай, чарчабай турган жаңы дене берилет. Бул нерсени, өзгөчө, карылыктын жакындаганынан корккон адамдардын эстей жүргөнү жакшы.

4- Күз – илхам булагынын айы. Күз мезгили, өзгөчө, кеч күз кээ бирлерине үмүтсүздүк, депрессиялык абал менен таасир этет. Анча көңүл кубантпаган аба-ырайы, асмандан тынбай жааган жамгыр, суулуу кар, кара булут каптаган асман, күндүн кыскарышы айрымдарынын көңүлүн чөгөрүшү мүмкүн. Аба- ырайынын мындай абалына карабай, ар бир адам өзүнө дем берип, илхам булагын чакырса болот. Балким сиз көптөн бери өзүңүздүн ден соолугуңуз менен алектенүүнү пландап жүргөндүрсүз. Анда спорттук клубга, же бассейнге жазылуунун дал туура убагы келди сизге. Жаңы билим, талант үйрөнгүңүз келип жүрсө, чет тилдер курсу, же кол өнөрчүлүк, кулинария сыяктуу сабактарга барсаңыз болот. Азыр интернеттин жардамы менен бул нерселерди үйдөн чыкпай деле өздөштүрө берсеңиз болот.

Ал эми күн кыскарып, узарган түндөрдү ибадат кылуу, Куран окуу, Аллахты эстөөгө (зикр кылууга) арнай аласыз. Мына ушунда убакыт тез өтүп, анын үстүнө, сиз бул учурларды жөндөн-жөн өткөрбөгөндүгүңүз үчүн өзүңүзгө канааттанып каласыз.

Күз мезгилин берекелүү, аң-сезимдүү жана оптимисттик маанайда өткөрүү менен Жараткандын ыраазычылыгына жетүүңүзгө тилектешбиз!

Күз мезгилинин 1-күнү кут болсун!

umma.kg

Комментарий жиберүү