Кытай: Бир жарым литр коланы 10 мүнөттө ичкен жаш жигит каза болду

Кытайдын тургуну бир жарым литр коланы 10 мүнөттө  ичип, эртеси каза болуп калганын “Daily Mail” басылмасы жазды.

22 жаштагы бала салкындаткыч суусундукту ичкенден алты саат өткөндөн кийин ичи катуу ооруп, көөп Пекиндеги ооруканага кайрылган.

Дарыгерлер бейтапты текшерип, пневматозду – ашказандын кырларында газга толгон шишиктердин жана боордун ишемиясы пайда болгонун аныкташкан. Мындан тышкары, жаш жигиттин жүрөгү тез согуп, дем алуусу ылдамдап, кан басымы төмөндөп кеткени байкалган.

12 сааттан кийин кан анализи бейтаптын боору катуу жабыркаганын көрсөткөн. Кийин анын абалы начарлап, клиникага баргандан 18 сааттан кийин каза болгон.

Кытайлык дарыгерлер бейтап коланы өтө тез ичкендиктен улам организминде көмүр кычкыл газы топтолуп калган деп эсептешүүдө. Бул боордун кычкылтек ачкалыгын пайда кылып, өлүмгө алып келген.
 
Ошол эле учурда Лондондогу университеттин колледжинин биохимиги Натан Дэвис газдалган суусундукту ичүүдөн өлүү ыктымалдыгы өтө аз экенин айтты. Ал жаш жигиттин өлүмүнө организмдеги газдардын топтолушун козгогон бактериялык инфекция себеп болгон болушу мүмкүн деп божомолдоду.

Комментарий жиберүү