Британиялык окумуштуулар планетага зыянсыз пластик жасоону үйрөнүштү

Улуу Британиядагы окумуштуулар планетага зыян тийгизбей турган, эрип же чиригенде момго (воск) айланган пластикти жасоону үйрөнүштү.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Пластикти жасоодо анын курамына ондогон химикаттар, анын ичинде каучук, май жана нымдуулукту сиңирип алуучу заттар кошулган.
Химиялык кошулмалардын өлчөмүн туураласа болот. Мисалы, өтө жука азык-түлүк пленкасын же стакандарды өндүрүүгө ылайыктуу катуураак материалдарды жасаса болот.
Эксперименттер көрсөткөндөй, жаңы ойлоп табылган ичке таңгактоочу материалдар 226 күндүн ичинде эрип же чирип жок болот, ал эми кадимки пластик баштыктын чирип жок болуусу үчүн  1000 жылга жакын убакыт талап кылынат. Мындан тышкары, мындай продуктылар кайра колдонулушу мүмкүн.

Комментарий жиберүү