«Талибан» колду кесүү, өлүм жазасына тартуу сыяктуу катаал жазалоо ыкмаларын кайтарат

“Талибан” кыймылы кылмыштар үчүн жаза катары өлүм жазасын калыбына келтирет. Бул тууралуу кыймылдын жазаларды аткаруу боюнча комиссиясынын башчысы Нуреддин Тораби “Associated Press” агенттигине берген маегинде билдирди.  

Ал талиптердин биринчи башкаруусу учурунда (1996-2001) колдонулган исламдык жазаларды колдонуу практикасы өлкөдө кайра баштала турганын билдирди.

“Талибан” өлүм жазасынан тышкары,  жаза катары колду кесүүнү да кайтарат.

“Колду кесүү коопсуздук үчүн керек. Биздин мыйзамдар кандай болушу керектигине эч ким кийлигишпеши керек. Биз мыйзамдарды Исламды карманып, Курандын негизинде орнотобуз”, – деп билдирди ал.

Тораби соттордун катарына аялдар да кошуларын жана ооган мыйзамдарын жөнгө салуучу негизги документ Куран болорун айтты.

Кылмыштуулукту азайтуу үчүн талиптер жаза аткарууларды сүрөт жана видеого тартууну пландап жатышат. Мындай кадрларды эл алдында көрсөтүү маселеси дагы эле талкууланып жатат.

Ал бул боюнча эл аралык коомчулуктун нааразычылыгы негизсиз экенин айтып, ал Ооганстандын ички иштерине кийлигишпеши керек деди.

Эске салсак, 1996-2001-жылдары “Талибан” жазаларды Кабулдагы стадиондо жана мечиттерде аткарган.

Комментарий жиберүү