Иран Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн жер бөлүп берди

Иран өкмөтү Кыргызстанга Бандар-Аббас портунан товар алып өтүү үчүн транзиттик жер тилкесин бөлүп берди.

Бул тууралуу Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы алкагындагы эки тараптуу жолугушууда тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге Ирандын башкы дипломаты Хоссейн Амир Абдоллахиян билдиргенин 24-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жер тилкеси менен кошо Кыргызстандан чыккан же өлкөгө ташылып бараткан товардын транзити үчүн порттон тийиштүү инфраструктура да берилет.

Бандар-Аббас – Ирандын түштүгүндө, Перс булуңунда жайгашкан порт шаары.

Эки министр соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты, Ооганстандагы абалды да талкуулашты.

Казакбаев Нью-Йорк сапары алкагында Сириянын, Грузиянын, Таиланддын, Финляндиянын, Монголиянын, Эстониянын, Грекиянын жана Катардын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшүү жүргүздү.

Дүйнө лидерлеринин Нью-Йорктогу жолугушуусуна 100дөн ашуун өлкөнүн башчысы катышууда. (RK)

https://www.azattyk.org/a/31476284.html

Комментарий жиберүү