Экс-премьер-министр Ж.Оторбаев да кармалды

«Кумтөр» иши боюнча экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев камакка алынды.

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«16-сентябрда жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, тергөө өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаевди УКМКнын  убактылуу кармоочу жайына кармоо чечимин кабыл алган. Тергөөдө аныкталгандай, Жоомарт Оторбаев өкмөт башчы болуп турган кезде, өкмөттүн алдындагы курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кумтөр кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн, Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» Суу кодексинин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамынын талаптарын бузуу менен «Кумтөр Голд Компанинин» чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген», — деп айтылат маалыматта.

Кармалган Жоомарт Оторбаевди ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен тергөө аракеттерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралмакчы.

Комментарий жиберүү