Смартфондордо бактерия, вирус сыяктуу мителер көп. Дагы бир пандемия болушу мүмкүн

Австралиянын Бонд университетинин окумуштуулары смартфондор дагы бир пандемиянын келип чыгышына себеп болушу мүмкүн экенин билдиришти.

Бул тууралуу “Sputnik” агенттиги чет элдик маалымат каражаттарына шилтеме берип жазды.

Аталган университеттин окумуштуулары тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө уюлдук телефондорго коркунучтуу патогендер – бактериялар жана вирустар бар экенин көрөттү.

Мекеменин доценти, дарыгер Лотти Таджури кесиптештеринин операцияга даярданып, колун жуугандан кийин дагы телефондорун көп кармашарын байкап, иликтөө жүргүзүп көрүүнү чечкен. Жалпы 165 медиктин мобилдик телефону текшерилип, натыйжада бардык аппараттарда бактерия, вирус сыяктуу мителер көп экени аныкталган.

Дарыгер ал вирустардын баары кол аркылуу кишиге жугарын, ошондктан керексиз инфекцияларга жол бербөө үчүн уюлдук телефонду кол сыяктуу тез-тезден дезинфекциялап туруу зарыл экенин экертти.

Мындан улам адис саламаттык сактоо тармагындагы жетекчилерди кайсы бир кооптуу оору смартфон аркылуу тарап кете электе коопсуздук тууралуу ойлонууга чакырды.

Буга чейин дагы изилдөөчүлөр заманбап смартфондордун канчалык денгээлде кир болушун изилдешип, үрөй учурган жыйынтыктарды көрсөтүшкөн. Алар чөнтөк телефондордо коомдук дааратканалардагыдан 100 эсе көп бактериялар бар деген жыйынтык чыгарышкан.

Комментарий жиберүү