Жарым миллиард долларлык чыгым. Атлантика океанында 4000дей унаа жүктөлгөн кеме өрттөндү

Жарым миллиард долларлык чыгым. Атлантика океанында 4000дей унаа жүктөлгөн кеме өрттөндү

Португалиядагы Азор аралдарынын жээгинде Германиядан АКШга дээрлик 4000 даана кымбат баалуу унааларды ташып бара жаткан “Felicity Ace” жүк ташуучу кемеси өрттөнүп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты. Куткаруучулар беш-алты күндөн бери өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышканы айтылууда. Өрттөлгөн унаалардын баасы жарым миллиард долларга жетиши мүмкүн. Кемеде Porsche, Audi жана Bentley маркасындагы кымбат баалуу чет элдик унаалар болгон. Маалыматтарга караганда, өрт электромобилдердин батареяларынан келип чыгышы мүмкүн экени болжолдонууда. Кемеге ээлик кылган Сингапурдагы “MOL Ship…

Прочитайте больше

Имам Али (а.с)дан хадис

Имам Али (а.с)дан хадис

Адам төрт нерсеге мас болот: шарапка (жана ичкиликке), байлыкка мас, уйкуга мас, бийлик жана кызматка мас.Тил жырткыч сыяктуу, ал боштондукка чыкканда жараат кылат. (денеге жана рухка кыйынчылык жаратат). Залимдин зулумга каршы адилеттүүлүгүн издей турган күн, заалым зулумга жамандык кылган күндөн да оор. Куран өткөндөгү абалды жана келечектеги кабарларды, милдеттериңди баяндайт. Курандын түшүрүлүшү үч бөлүктөн турат: бир бөлүгү Ахли Бейтке, алардын күнөөсүздүгүнө жана тазалыгына арналат: алардын душмандары жана каршылаштары жөнүндө; анын экинчи бөлүгү этика жана макал-лакаптар;…

Прочитайте больше

Пекинде кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды

Пекинде кышкы Олимпиада оюндары жыйынтыкталды

Кечээ, 20-февралда Кытайдын борбору Пекин шаарында кышкы Олимпиада оюндары аяктап, атайын салтанат менен жыйынтыкталды. Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах Пекинде өткөн XXIV Кышкы Олимпиада оюндарын жабык деп жарыялап, оту өчүрүлдү. Жыйынтыктоо салтанаты Кытайдын борбор калаасындагы Улуттук стадиондо өтүп, ал спортчулардын парады менен коштолду. Оюндардын жүрүшүндө жалпысынан cпорттун 15 түрү боюнча 109 медалдын комплектиси ойнотулду Алтын медалдардын саны боюнча биринчи орунду Норвегия, экинчи орунду Германия жана үчүнчү орунду Кытай ээледи. АКШ бул жолу төртүнчү…

Прочитайте больше

Путин менен Байден Макрондун саммит өткөрүү сунушун кабыл алышты

Путин менен Байден Макрондун саммит өткөрүү сунушун кабыл алышты

Елисей сарайы Орусия жана АКШ жетекчилери Франция президентинин сунушун кабыл алгандыгын билдирди. Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиянын президенти Владимир Путин менен америкалык кесиптеши Жо Байдендин ортосунда саммит өткөрүүнү сунуштап, эки тарап тең сунушту кабыл алган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты. “Ал (Макрон) президенттер Байден менен Путинге эл аралык саммит өткөрүүнү жана андан соң Европадагы коопсуздук жана стратегиялык туруктуулук боюнча бардык кызыкдар тараптар менен жолугушуу өткөрүүнү сунуштады. Байден менен Путин мындай саммиттин идеясын жалпы жонунан кабыл алышты”, – деп жазылат маалыматта. Ошондой…

Прочитайте больше

Венада өзөктүк келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Венада өзөктүк келишимди жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Австриянын борбор шаары Венада Ирандын өзөктүк программасына байланышкан келишимди жандандырууга багытталган сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы жүрүп жатат. Белгилей кетсек, Австриянын башкалаасындагы сүйлөшүүлөр өткөн жылдын жайында Ирандагы президенттик шайлоодон кийин токтоп калган. Кайрадан АКШнын Иранга каршы санкцияларын жоюу боюнча Вена сүйлөшүүлөрүн жандантууга аракеттер жасалып, 2021-жылдын 29-ноябрында жолугушуулардын кезектеги айлампасы өткөн. Андан кийин сүйлөшүүлөрүнүн сегизинчи айлампасы 8-февралда, Ирандын жана 4+1 тобунун (Германия, Франция, Улуу Британия, Орусия жана Кытай) катышуусунда башталган. Ошондон бери ар кандай деңгээлде жана форматта жолугушуулар…

Прочитайте больше

Түркия Кыргызстанга аскердик техникаларды берди

Түркия Кыргызстанга аскердик техникаларды берди

Түркия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө аскердик техникаларды берди. Бул тууралуу  Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинен КР Куралдуу күчтөрүнө аскердик-техникалык мүлктү тапшырып берүү аземи Улуттук гвардиянын 10126 аскер бөлүгүнүн аймагында болуп өттү. “Түрк тарабынан берилген аскердик багыттагы продукцияларга байланыш каражаттары, автомобиль техникалары жана башка жабдуулар кирет”, – деп айтылат билдирүүдө. Иш-чарага КР коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиев, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, КР КК Улуттук гвардиясынын командачылыгы жана…

Прочитайте больше

Зеленский Путинди жолугушууга чакырды

Зеленский Путинди жолугушууга чакырды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинди жеке жолугушууга чакырды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты. Ошондой эле, Зеленский Украина кандай форматта болсо да Орусия менен жолугушуу өткөрүүгө даяр экенин билдирген. Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Киев Москвага Орусия Федерациясынын жана Украинанын президенттери Владимир Путин менен Владимир Зеленскийдин жолугушуусун уюштурууну бир нече жолу сунуштаганын, бирок орус тарапта сүйлөшүүлөрдүн күн тартиби боюнча маселе бар экенин билдирди. “Биз Киевден жолугуу сунушу менен бир нече жолу билдирүү алдык, бирок Киев биздин “эмне үчүн”, “кандай максатта” деген…

Прочитайте больше

Донбасстын жашоочулары массалык түрдө эвакуацияланат

Донбасстын жашоочулары массалык түрдө эвакуацияланат

Украина тараптан кол салуу коркунучунан улам Донецк жана Луганск Эл Республикаларынын калкы массалык түрдө Орусияга эвакуацияланат. Мындай билдирүүнү Донецк Эл Республикасынын жетекчиси Денис Пушилин билдиргенин орусиялык басылмалар жазышты. Анын айтымында, Орусия бийлиги менен болгон макулдашуунун негизинде Донецк жана Луганск элине Ростов облусунан орун бөлүнүп, чек ара пункттарынан тез өтүү үчүн шарттар түзүлгөн. Пушилин  Киев бийлиги чуулуу аймакка улам аскерлерин тартып жатканын жана Украинанын куралдуу күчтөрүнө жакынкы аралыкта аймакка кол салуу боюнча буйрук берилерин айтты. “Украинанын президенти Владимир Зеленский жакынкы…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров: «Мамлекеттин карызын 2030-жылы төлөп бүтөбүз»

Садыр Жапаров: «Мамлекеттин карызын 2030-жылы төлөп бүтөбүз»

Президент Садыр Жапаров эгемендик алгандан бери Кыргызстандын топтолгон карызы 5 миллиард долларга жакындаганын социалдык тармактагы баракчасына жазды. “Урматтуу кыргызстандыктар! Эгемендик алгандан бери топтолгон карызыбыз 5 миллиард долларга жакын болуптур. Эми аны кайра кайтаруу мөөнөтү менин президенттик мезгилиме туш келип отурат. Эч маселе жок, толук төлөп беребиз. Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды дагы аныктап койдук. Динамика көрсөтүп тургандай, үстүбүздөгү жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумманы – 350 миллион доллар төлөйбүз. Андан кийин төлөм кайра…

Прочитайте больше

Азирети Алиден (а.с) кымбат баалуу хадистер

Азирети Алиден (а.с) кымбат баалуу хадистер

 Эгер, карыз суроодон алыс болсоңор, түнкүсүн ойлонткон көйгөйдөн, күндүзгү жемелерден оолак болосуңар. Кайсы бир аалым өз илимин акыйкатты баяндоодон башкалардан жашырса, кыяматта эң сасык жыт менен чыгып, бардык жандыктардын жек көрүүсүнө кабылат. Кандай болгон күндө да акыйкатты айт жана аны корго, такыбалар менен достукту жана байланышты улант, бузуку жана күнөөкөрлөрдөн алыс бол, мунафыктардан алыс бол, саткындар менен аралашпа. Азирети Али (а.с)  Имам Хасан (алайхис салам) аттуу уулуна насаат айтып жатып: «Сапарга чыгууну каалаардан мурда өзүнө…

Прочитайте больше

Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик окуу жайы жабылат

Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик окуу жайы жабылат

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жайы жана факультет жабыларын билдирди. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна маалымдады. Министр ар бир окуу жайды жеке өзү текшерип чыкканын, профессордук-окутуучулар курамы жана клиникалык базасы талапка жооп бергендери гана калтырылып, калгандары жабыларын, алардын кожоюндарынын арасында “олигархтар, депутаттар, мурдагы премьер-министрлер бар” экенин айтты. “Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алышты. Ал жерде абдан чоң акча бар. Бирок сапаты абдан начар болуп калды….

Прочитайте больше

Кыргызстандан Орусияга темир жол каттамдары жанданат

Кыргызстандан Орусияга темир жол каттамдары жанданат

21-февралдан тартып Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган туруктуу темир жол каттамдары аткарыла баштайт. Бул тууралуу 16-февралда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда кабыл алынды. Аталган поезд каттамдарынын жүргүнчүлөрүнөн коронавирус жок экенин ырастаган акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган тесттин жыйынтыктары же “COVID-19суз саякаттайм” тиркемесине киргизилген эмделгендиги тууралуу сертификат талап кылынат. Кыргызстан коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында…

Прочитайте больше

Сирия: Израил ракеталык чабуулдарды жасады

Сирия: Израил ракеталык чабуулдарды жасады

Сирия армиясынын командачылыгы Израил Дамасктын түштүгүндөгү объектерге “жер-жер” ракеталары менен сокку урганын билдирди. Маалыматка ылайык, кол салуу бүгүн, бейшемби күнү болжолу менен саат 3төрдө болгон. Израил басып алган Голан бийиктиктеринин аймактарынан Дамасктын түштүгүндөгү Закия конушунун аймагындагы объекттерди көздөй бир нече жолу ракеталык чабуулдарды жасаган. Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, материалдык чыгым келтирилгени айтылууда. Израилдин аскерлери буга чейин Сириядагы объекттерге бир нече жолу чабуул жасаган. Дамаск БУУнун Коопсуздук Кеңешине Тель-Авивге Сириянын эгемендигин системалуу түрдө бузууну токтотуу…

Прочитайте больше

Иранда «омикрон» штаммына каршы атайын вакцина жасалды

Иранда «омикрон» штаммына каршы атайын вакцина жасалды

Коронавирустук инфекциянын «омикрон» штаммынын кеңири жайылышына байланыштуу Ирандын “Barakat” фармацевтикалык компаниясынын адистери өздөрүнүн илимий байкоолоруна жана изилдөөлөрүнө таянып, жаңы штаммга каршы атайын вакцинанын үстүнөн иштеп чыгууну аякташты. “Омикронго” каршы вакцина жасоо иштери өлкөдө бул штамм пайда болгондон бир айдан кийин башталган. “Barakat” Иранда коронавируска каршы ата мекендик “COVIran Barakat” вакцинасын жасаган биринчи компания болуп саналат. Жаңы вакцина жаныбарларга сыналган. Адистердин айтымында, сыноолордун алдын ала жыйынтыктары жаңы вакцина “омикрондон” 100% коргой тургандыгын жана анын коопсуз экенин…

Прочитайте больше

БУУ адамзат үчүн негизги коркунучтарды атады

БУУ адамзат үчүн негизги коркунучтарды атады

Бириккен Улуттар Уюмунун Айлана-чөйрө боюнча программасынын (ЮНЕП) эксперттери адамзатка коркунуч туудурган негизги коркунучтарды атады. Эксперттердин баяндамасы уюмдун сайтында жарыяланды. БУУ ири токойлордун өрттөнүшүн жана тирүү организмдердин, адамдардын тиричилик активдүүлүгүн бузуучу антропогендик ызы-чууларды адам баласы үчүн негизги коркунучтар деп тапты. Адистер бул кубулуштар жаратылышка жана адамдардын ден соолугуна абдан зыянын тийгизерин билдиришти. Алар токойдогу өрттөн улам дарактар сыртка бөлүнүп чыккан парник газдарын жутуучулардан анын булагына айланарын, ал эми жалын, күйүктөр сууну булгап, мөңгүлөрдүн эришин шарттай турганын белгилешүүдө. Ал эми антропогендик…

Прочитайте больше
1 111 112 113 114 115 203