Британдык министрлер Украина кризиси үчүн Орусияга барышат

Британдык министрлер Украина кризиси үчүн Орусияга барышат

Бул тууралуу Британиянын Премьер-министрлик кеңсесинен билдирилди. Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс жана коргоо министри Бен Уоллестин бир канча күндүн ичинде Орусиянын борбору Москвага бара туганы билдирилди. Британиянын Премьер-министрлик кеңсесинин билдирүүсүндө: «Өткөн жумада премьер-министр (Борис Жонсон) Орусия менен мамилени жакшыртуу мүмкүн экенин ачык айткан Общиналар палатасындагы билдирүүсүнөн кийин, ал тышкы иштер жана коргоо министрлерине жакынкы күндөрү Москвага барып кесиптештери менен жолугушууну тапшырды. Аларга президент Владимир Путиндин өкмөтү менен мамилени жакшыртуу жана (Украина менен) чыңалууну басаңдатууга…

Прочитайте больше

Көк-Арттагы узундугу 3890 метр болгон тоннелди тешүү аяктады (видео)

Көк-Арттагы узундугу 3890 метр болгон тоннелди тешүү аяктады (видео)

Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди тешүү иштери аяктап, магистралдык тоннелдин курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк, Фаза 1, Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативдүү унаа жолун куруунун алкагында узундугу 3890 метрди түзгөн тоннелдин курулушу жүрүп жатат. Тоннелдин бийиктиги болжол менен 9 метрди, туурасы 10 метрди түзөт, бул экинчи техникалык категориядагы эки тилкелүү кыймылды эркин өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Салыштыруу үчүн айта кетсек, Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев тоннелинин…

Прочитайте больше

Кыргызстанда алгачкы жолу автобус чыгарылды

Кыргызстанда алгачкы жолу автобус чыгарылды

Кыргызстанда алгачкы жолу жүргүнчү автобустары өндүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Биринчи Made in KG BELES аттуу автобусу европалык DAF автоконцерни менен биргеликте өндүрүлүп пилоттук түрдө чыкты. Маалыматка караганда, автобустун кемчиликтери оңдолуп чыккандан кийин, газ жана электро кыймылдаткычтары менен жүргөн шаарга ылайыкташтырылган  жүргүнчү автобустарын чогултуу линиясын орнотуу пландалууда. Азырынча автобус тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Прочитайте больше

К. Осмоналиев: «Эмомали Рахмон айласы кетип, элин алаксытуу үчүн кыргыздарды душман көрсөткүсү келип жатат»

К. Осмоналиев: «Эмомали Рахмон айласы кетип, элин алаксытуу үчүн кыргыздарды душман көрсөткүсү келип жатат»

Тажикстандын армиясы 2021-жылдын апрель айындагы согуштук агрессиясынын жарааты айыга электе, быйыл  27-январдын кечинде кайрадан кол салып, алгач Төрт-Көчө жолун бир тараптуу жаап, андан соң армиясы кыргыз жарандарын аткылай баштады. Кошуна мамлекет эмне үчүн ортодо кол коюлган баардык келишимдерди бузуп, кайрадан кол салып жатат? Биз ушул жана башка суроолордун тегерегинде ЖКнын экс-депутаты, профессор, саясатчы Каныбек Осмоналиевге бир нече суроолор менен кайрылдык. Ташиев: Ворухка жол курууга уруксат берүү маселеси жакында каралат – Каныбек агай, 27-январдын кечинде, караңгы кирип калган…

Прочитайте больше

Касым-Жомарт Токаев «Нур Отан» партиясына төрага болду

Касым-Жомарт Токаев «Нур Отан» партиясына төрага болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Нур Отан” партиясынын кезексиз курултайында жаңы төрага болуп шайланды. Бул тууралуу казак басылмалары маалымдады. Маалыматка караганда, Токаевди партиянын төрагалыгына шайлоо сунушун Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев киргизген. Съезддин делегаттары бул сунушту бир добуштан колдошту. Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө анын талапкерлигин колдогон съезддин делегаттарына ыраазычылык билдирип, «Нур Отандын» төрагалыгы «өзгөчө жооптуу иш» экенин айтты. Ошондой эле, ал жыл аягына чейин партиянын төрагалыгынан кетиши мүмкүн экенин билдирди. «Мен мамлекет башчысы катары ачык жана таза саясий атаандаштыктын гаранты…

Прочитайте больше

Эксперт: «Рахмон бийлигин бекемдеш үчүн чек араны чечпейт»

Эксперт: «Рахмон бийлигин бекемдеш үчүн чек араны чечпейт»

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку кырдаал жөнөкөй кагылышуудан алда канча кооптуу экенин көргөзөт. Мындай пикирин Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов ортого салды. Талдоочу чырды жөнгө салууда “эң негизги тоскоолдук өз максаттарын көздөгөн Рахмондун режими” деп эсептерин кошумчалады. – Чек арадагы көйгөй бир нече жыл, атүгүл ондогон жылдан бери чечилбей келүүдө. Бирок акыркы жылдары барган сайын курчуп жатат. Былтыр куралдуу жаңжалга чейин жетпедиби. Эки өлкө кырдаалды кантип жөнгө сала алышат? – Менимче, 27-январда кыргыз-тажик чек арасында болгон…

Прочитайте больше

Баткенде абал турукташып, жарандар үйлөрүнө кайтышууда

Баткенде абал турукташып, жарандар үйлөрүнө кайтышууда

Баткен облусундагы абалга байланыштуу эвакуацияланган жарандар туруктуу жашаган жерлерине кайтып барышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Жарандарды кайра көчүрүү иши Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары менен ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары тарабынан жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, жарандар өздөрүнүн жеке унаалары менен да үйлөрүнө кайтып жатышат. Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 11 миң 52 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 миң 410и туугандарынын үйлөрүнө, 642 киши жарандарды коопсуз жайга жайгаштыруу максатында даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган. Аталган пункттарда…

Прочитайте больше

Багдад аэропортуна ракеталык чабуул жасалды

Багдад аэропортуна ракеталык чабуул жасалды

Кечээ, 28-январда Ирактын борбор шаары Багдаддагы эл аралык аэропортуна карай ракеталык чабуул жасалды. Бул тууралуу РИА Новости Ирактын коопсуздук органдарындагы булакка таянып билдирди. Чабуул эртең менен болуп, аэропортко кеминде алты ракета атылган. Алардын баары абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлүп, учуп-конуу тилкесине жакын жерге кулап түшкөн. Атылган ракеталардын натыйжасында аэропортто токтоп турган учак жабыркаган. Жабыркагандар тууралуу маалымат азырынча айтыла элек. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Саид Хатибзаде Ирактын эл аралык аэропортуна жасалган кол салууну айыптап, аны…

Прочитайте больше

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 11 кыргызстандык жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан 11 кыргызстандык жабыркады

Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктардын саны 11 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Жапа чеккендердин баары Баткен облустук бириктирилген ооруканага жеткирилген. Министрлик берген маалыматта айтылгандай, жаңжалдан жабыркаган 11 кишини баары аскер адамдары, жай тургундар жок. Жалпы жонунан абалдары орточо оор деп бааланганы айтылат. Тажикстандын маалымат каражаттары берген маалыматка караганда, тажик тараптан чек арадагы чырдан улам 17 киши ооруканага жеткирилген. Бул 28-январга караган түнү алынган маалымат. Эскерте кетсек, чек ара кызматынын маалыматына…

Прочитайте больше

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга байланыштуу Баткенге барды. УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришкендей, 28-январь, саат 08:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандык, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, түн тынч өттү. Чек ара кызматы кырдаалды көзөмөлдөп турат.

Прочитайте больше

Быйыл Кыргызстанга 5G технологиясын киргизүү пландалууда

Быйыл Кыргызстанга 5G технологиясын киргизүү пландалууда

Министрлер кабинети быйыл өлкөдө жогорку ылдамдыктагы 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландап жатат. Маалыматка ылайык, мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган. Долбоор 2022-жылдын биринчи кварталынан 2023-жылдын төртүнчү кварталына чейин, Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан ишке ашырылмакчы. Биринчи этапта бийлик технологияны тесттик режимде ишке ашырып көрүүнү пландап жатат. Ага чейин радиожыштыктын тилкесин аныктап, тесттик текшерип көрүүнүн сценарийин түзүп, технология жайгашчу пилоттук зонанын аянтын аныктоо сыяктуу маселелер чечилмекчи. Маалыматта 5G…

Прочитайте больше

Иран Кыргызстан менен гидроэнергетика тармагында кызматташууга даяр

Иран Кыргызстан менен гидроэнергетика тармагында кызматташууга даяр

24-январда Кыргызстандын Ирандагы элчиси Турдакун Сыдыков Тегеранда Ирандын энергетика министри Алиасгар Мехрабиан менен жолугушту. Жолугушууда Сыдыков Ирандын энергетика министрине Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүгү тууралуу маалымат берип, президент Садыр Жапаров экологиялык жактан таза энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, анын ичинде ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Кыргыз элчиси иран тараптын кароосуна жана изилдөөсүнө бир катар инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде Кыргызстандын аймактарында орто жана чакан ГЭСтерди курууну сунуш кылды. Өз кезегинде Мехрабиан иран тараптын Кыргызстан менен гидроэнергетика жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатында кызматташууга даярдыгын…

Прочитайте больше

Казакстандын парламенти Назарбаевди өмүр бою Коопсуздук кеңешине төрагалык кылуу укугунан ажыратты

Казакстандын парламенти Назарбаевди өмүр бою Коопсуздук кеңешине төрагалык кылуу укугунан ажыратты

Казакстан парламентинин сенатынын депутаттары (жогорку палатасы) пленардык жыйында республиканын экс-президенти Нурсултан Назарбаевди өмүр бою Казакстан элинин ассамблеясына жана Коопсуздук кеңешине төрагалык кылуу укугунан ажыраткан мыйзамдык түзөтүүлөрдү жактырышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Парламенттин мажилиси (төмөнкү палата) бул түзөтүүлөрдү буга чейин жалпы жыйында жактырганын 19-январда депутат Канат Нуров билдирген. Кийинчерээк мыйзам долбоорлорунун тексттери сенаттын сайтында жарыяланган. Маалыматка ылайык, түзөтүүлөр Казакстан элинин ассамблеясынын жана Коопсуздук кеңешинин  төрагасынын ыйгарым укуктарын өлкөнүн учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берүүгө багытталган. Мындан тышкары, парламентте Назарбаевдин республиканын Конституциялык…

Прочитайте больше

Ташкентте сириялык согушкерлердин катарына кошулууну пландаган 30 адам кармалды

Ташкентте сириялык согушкерлердин катарына кошулууну пландаган 30 адам кармалды

Өзбекстандын борборунда “Тавхид ва жихад катибати” террордук уюмунун мүчөлөрү кармалганын Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Кармалгандар Ташкентте жамааттык жыйындарды өткөрүп, келечекте сириялык террордук уюмдардын катарына кошулууну пландашкан. Террордук топтун аныкталган тарапкерлеринин саны 30га жакын адам болуп, алардын айрымдары борборго Анжиян, Сурхандарья жана Кашкадарыя облустарынан иштөө үчүн келишкен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Прочитайте больше

Окумуштуулар: «Омикрон» пластик буюмдарда жана адамдын терисинде мурунку штаммдарга караганда узак жашайт

Окумуштуулар: «Омикрон» пластик буюмдарда жана адамдын терисинде мурунку штаммдарга караганда узак жашайт

Киотодогу Медициналык университеттин окумуштуулары коронавирустун “омикрон” штаммы кээ бир буюмдардын беттеринде узак жашагандыктан тез жайылып жатат деп эсептешет. Алардын изилдөөсүнүн жыйынтыгы Biorxiv порталына жарыяланды. Адистердин айтымында, SARS-CoV-2нин жаңы мутациясы вирустун мурунку версияларына караганда пластик буюмдарда жана адамдын терисинде бир топ узак жашай алат. Мындан тышкары, “омикрон” көпкө чейин жугуштуу бойдон калышы мүмкүн. Баштапкы вирус пластиктин бетинде орточо эсеп менен 56 саат жашаса, “дельта” штаммы 114 саат бою турган. Ал эми “омикрон” мындай буюмдардын бетинде  болжол…

Прочитайте больше
1 114 115 116 117 118 201