Тайванда 350 жүргүнчүсү бар поезд рельстен чыгып кетип, 36 киши каза тапты

Тайванда 350 жүргүнчүсү бар поезд рельстен чыгып кетип, 36 киши каза тапты

Тайвандын түндүгүндө поезд рельстен чыгып кетип, кырсыктан кеминде 36 адам каза болуп, 61и жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик маалымдаганын “IRNA” агенттиги кабарлады. “Reuters” агенттиги маалымдагандай, жүргүнчүнү ташыган поезд Тайвандын түндүк-чыгышындагы Хуаялянь уездиндеги “Дацин” туннелинде кырсыктады. Азырынча поезддин төрт вагонунан 100дөй жүргүнчү эвакуацияланды, бирок куткаруучулардын калган үч вагонго кирүүсү мүмкүн болбой жатат. Кырсыкка темир жолдун жанында туура эмес токтоп, темир жолго оодарылып кеткен жүк ташуучу унаа себеп болгон. 2018-жылы дагы Тайвандын түндүк-чыгышында поезд рельстен чыгып кетип, 18…

Прочитайте больше

Ээгиңиздин астына беткап кийүүнүн кандай коркунучтары бар?

Ээгиңиздин астына беткап кийүүнүн кандай коркунучтары бар?

Беткап кийүү коронавирус оорусунун алдын алуунун эң маанилүү жолдорунун бири. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору адамдарды беткапты ээгинин астына же чекесине кийбөөгө чакырган видео жарыялады. Себеби мындай кылуу вирустун жайылышынын алдын албайт жана беткаптын ээси үчүн дагы кооптуу экенин билдирди. Бирок, мындай кылуу туура эмес экенин билсе дагы, кээде адамдар тамак жегенде, ичкенде же сүйлөп жатканда беткапты ээгинин астына кийип алганын көрүп жүрөбүз. Белгилей кетсек, беткап кийүүнүн негизги максаты…

Прочитайте больше

Кыргызстанда вакцина алгандардын кээ биринин дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, алсыздык байкалууда

Кыргызстанда вакцина алгандардын кээ биринин дене табы көтөрүлүп, башы ооруп, алсыздык байкалууда

“Биринчи радионун” эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы вакцина алган жарандардын абалын айтты. Анын айтымында, ар бир эмделген жарандын маалыматы электрондук сайтка киргизилип, дарыгердин көзөмөлүндө. “Бүгүнкү күндө 500дөй адам вакцина алды. Ар бир күнү эртең менен жана кечинде эмдөөдөн өткөн жарандардын абалын сурап турабыз. Вакцина алгандардын 2-3 пайызынын дене табы көтөрүлүүдө, 3,5 пайыз жарандардын башы ооруп жатат, 6-7 пайызында алсыздык байкалууда. Калгандарынын абалы жакшы”, – дейт ал. Бейшеналиев мурда коронавирус…

Прочитайте больше

Улуу мусулман астроном: аль-Баттани

Улуу мусулман астроном: аль-Баттани

Аль-Баттани Абу Абдуллах (859–929 гг.) Урфа (азыркы ШанлыУрфа, Түркия ѳзүнүн кѳп кылымдык тарыхында кѳптѳгѳн цивилизациялардын бешиги болгон. VII кылымдан кийин, бул аймакта алгачкы университеттер негизделип, анда ошол мезгилдин кѳптѳгѳн окумуштуулары жана философтору билим алышкан) провинциясынын Харран аймагындагы Баттан кыштагында жарык дүйнѳгѳ келген. Анын толук аты – Мухаммад бен Джабир бен Синан ар-Ракки ал-Харрани. Илимий дүйнѳгѳ Баттани катары таанымал. Адамзаттын тарыхындагы 20 эң кѳрүнүктүү астрономдордун катарына кирет. Баттани ѳзүнүн илимий ишмердүүлүгүндѳ тѳмѳнкү принципти туу туткан:«Адам Аллахтын…

Прочитайте больше

Рамазанга чейин 5 карыздан кутулуңуз

Рамазанга чейин 5 карыздан кутулуңуз

Бир жылда бир келчү Ыйык Рамазан айына 1 айга жетпеген убакыт калды. Бул айда сансыз күнөөлөр кечирилип, амалдардын сообу бир канча эсеге көбөйтүлөт. Ар бир мусулман бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай кармап калууга аракет кылат. Бул берекелүү айды жакшы даярдык менен тосуп алуу үчүн эмне кылуу керек? Албетте, биринчиден, карыздардан кутулуудан баштоо зарыл. Эскерте кетсек, карыздардан Рамазан айына чейин кутулуп, даярдык көргөн жакшы, а эгер мындай кыла албай калса, ал күнөө катары эсептелбейт. 1 – карыз. Күнөөлөрдүн…

Прочитайте больше

Депутаттар “Кумтөрдөн” түшкөн акча кайда жумшалгандыгына кызыгышууда

Депутаттар “Кумтөрдөн” түшкөн акча кайда жумшалгандыгына кызыгышууда

“Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Комиссиянын мүчөлөрү жакында эле «Кумтөр» алтын кениндеги жүргүзүлүп жаткан иштер, андан соӊ Бишкек менен Кара-Балта шаарларындагы алтын аралашмаларынын анализдерин чыгара турган лабораториялардын азыркы абалы менен жеринен таанышып келдик. Жыйынтыгында тоо-кен тармагында заманбап жаӊы технологияларды колдонуу зарылдыгына көзүбүз жетти. Бул тууралуу комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча мамлекеттик комиссиясынын кезектеги отуруму өтүп жатканда билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы…

Прочитайте больше

Бүгүн Иран Ислам Республикасынын күнү

Бүгүн Иран Ислам Республикасынын күнү

Бүгүн, 1-апрель Иран Ислам Республикасынын 42-жылдыгы белгиленет. Улуу Иран элинин исламдын кадыр-баркын ишке ашыруудагы эркинин жана өлкөнүн тагдырын элдин колунда аныктоонун чыныгы көрүнүшү.Iran Press маалымат агенттигинин билдиргенине караганда, 1979-жылы Имам Хомейни башында турган Ислам революциясынын даңазалуу жеңишинен кийин, бүткүл өлкө боюнча Ислам Республикасынын референдуму өткөн. Ал эми ушул эле жылдын  1-апрелинде жарыяланган бул референдумдун жыйынтыгына ылайык, референдумга катышууга укуктуу адамдардын 98% дан ашыгы Ислам республикасын түзүүгө макул болушкан. Ушул себептен, Иран календарында 12-Фарвардин (1-апрель), Иран Ислам Республикасынын күнү деп аталды.Иран…

Прочитайте больше

АКШнын 27 уюму Байденди Орусия менен тирешүүнү күчөтпөөгө чакырды

АКШнын 27 уюму Байденди Орусия менен тирешүүнү күчөтпөөгө чакырды

Американын 27 уюму жана мекемеси АКШ президентинен Орусия менен тирешүүнү күчөтпөөнү өтүнүштү. Pars Today агенттигинин маалыматына ылайык, Американын 27 уюму жана мекемеси АКШ президенти Жо Байденди Орусия президенти Владимир Путинге карата акарат сөздөрдү айтуудан баш тартууга үндөгөн билдирүү таратты.Белгилей кетсек, буга чейин АКШнын президенти Жо Байден ABC News телеканалына берген кеңири маегинде Орусиянын президенти Владимир Путинди “киши өлтүргүч” деп атап, АКШдагы шайлоого кийлигишкени үчүн “кун төлөтөм” деп айткан.Байдендин мазактоосуна реакция жасаган Орусиянын президенти: “Киши өлтүргүч өзү башкаларды канкор деп атаган…

Прочитайте больше

Турмушка чыгып жаткан кыздарга үлгүлүү эненин он насааты

Турмушка чыгып жаткан кыздарга үлгүлүү эненин он насааты

Үлгүлүү эне кызын турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен: ”Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушун керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз. Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уядан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көнүлүндү алуу учун колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсе айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга…

Прочитайте больше

Кытай Ирандын ири мунай кардары болду

Кытай Ирандын ири мунай кардары болду

Reuters: Кытайдын Ирандан мунай импорттоосу күнүнө 1 млн. баррелге жетет. Март айынын алгачкы 19 күнүндө Ирандан Кытайга мунай заттын күн сайын жөнөтүлүшүнө ишара кылып, Рейтер: “Пекин ушул айда Иран мунайынын кезектеги ири агымын алат”, – деп жазды.Белгилей кетсек, Иран менен Кытайдын “25 жылдык” келишиминин алкагында Тегеран Пекинге 400 млрд. долларга тете чийки мунай зат экспорттомокчу – деген божомолдор бар.Ал эми, 2021-жылдын март айынын аягына чейин Кытай Ирандан мунай сатып алууну күнүнө 1 млн. баррелге чейин көбөйтүшү мүмкүн….

Прочитайте больше

Танзаниянын президентинин тажиясындагы тыгылышта 45 киши каза болду

Танзаниянын президентинин тажиясындагы тыгылышта 45 киши каза болду

Коронавирустан каза болгон Танзаниянын президенти Жон Магуфулини акыркы сапарга узатуу зыйнатында 45 киши тепсендиде калып каза тапты.  Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “The East African” МА шилтеме берип кабарлады. Президент менен коштошуу аземи 21-мартта Танзаниянын ири шаары Дар-эс-Саламдагы Ухуру стадионунда өткөн. Каза болгондордун арасында эки күн мурун жерге берилген эне жана анын төрт кичинекей баласы болгон. Ошондой эле бул тыгылышта кеминде 37 жаран жаракат алганы белгилүү болду. 2015-жылдан бери президенттик кызматты аркалап келген Жон Магуфули 17-мартта 61 жашында коронавирустан каза…

Прочитайте больше

Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери өзөктүк келишим тууралуу сүйлөшүштү

Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери өзөктүк келишим тууралуу сүйлөшүштү

Орусиянын президенти Владимир Путин, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель видеоконференция режиминде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Бул тууралуу Елисей сарайынан маалымдашканын “Fars News” агенттиги кабарлады. “Аль-Жазира” телеканалы Елисей сарайынын билдирүүсүнө шилтеме жасап, Орусия, Франция жана Германиянын лидерлери Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди  талкуулашканын билдирди. Үч өлкөнүн лидерлери Иранды өзөктүк келишимдин талаптарын тез арада толугу менен аткарууга кайтаруу боюнча аракеттерди координациялоону макулдашышты. Ошондой эле тараптар Сирия жана Ливиядагы кризисти талкуулашты. Ошол эле учурда Кремлдин билдирүүсүнө караганда, Путин, Макрон жана Меркель сүйлөшүүлөрдүн дагы…

Прочитайте больше

COVID-19: Бишкек шаары менен Чүй облусундагы абал кооптондурууда

COVID-19: Бишкек шаары менен Чүй облусундагы абал кооптондурууда

Премьер-министр Улукбек Марипов жарандарды жоопкерчиликтүү болууга жана санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалга тийиштүү кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын маалымат кызматы билдирди. Республикалык ыкчам штабдын төрагасы, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков медициналык мекемелерди COVID-19 оорусунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.  Өкмөт башчы Улукбек Марипов белгилегендей, саламаттык сактоо тутуму, медициналык адистер оорунун өсүүсүнө даяр болушу керек.  «Бишкек шаарында жана Чүй…

Прочитайте больше

Кыргызстан мусулмандарынын курултайы майайына жылдырылды

Кыргызстан мусулмандарынын курултайы майайына жылдырылды

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши кечээ, 30-мартта чукул жыйынга чогулду. Анда Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII Курултайы 29-майга жылдырылып, толук эки айдан кийин өткөрүү чечими кабыл алынды. Белгилей кетсек, буга чейин Курултай 4-апрелге белгиленген болчу. Анда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кызмат ордуна, Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна жаңы дайындоолор болмок. Бирок Аалымдар Кеңеши талапкерлердин тыюу салынган диний уюмдарга тиешеси бар-жогун тактоо, айрым талапкерлердин ЖОЖду бүткөндүгүн тастыктаган дипломдорунун аныктыгын жана документтерди кылдат текшерүү…

Прочитайте больше

Коронавируска каршы вакцина «таблетка» түрүндө чыгарылды

Коронавируска каршы вакцина «таблетка» түрүндө чыгарылды

Индо-америкалык “Oravax” компаниясы коронавируска каршы вакцина таблетка түрүндө чыгарылганын маалымдады. Бирок, бул препарат жакынкы аралыкта массалык түрдө чыгарыларына кепилдик жок. Бул тууралуу “Fars News” агенттиги “Business Insider” маалымат порталына шилтеме берип кабарлады. “Oravax” компаниясы таблетка түрүндөгү вакцинанын клиникалык сыноолору жакында башталарын билдирди. Вакцинанын таблетка түрүндө чыгарылышы, инъекция ыкмасына караганда көптөгөн артыкчылыктарга ээ жана буга чейин башка ооруларды тезирээк дарылоо үчүн колдонулуп келген. Ошол эле учурда, мындай препартты өндүрүү үчүн жасала турган кадамдар өтө узак убакытты талап кылат…

Прочитайте больше
1 208 209 210 211 212 230