Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Россия Федерациясына барат

Президент Садыр Жапаров 24-25-февралда Россия Федерациясына барат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 24-25-февралында Мамлекет башчысы катары алгачкы чет элдик сапары менен Россия Федерациясына барат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев билдирди. Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы менен союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча тышкы саясатта алган жолу алакаларды мындан ары чыңдоого жана ар тараптуу кеңейтүүгө багытталат. Алдыдагы иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын бир…

Прочитайте больше

Америка Кошмо Штаттары Хашокжинин өлтүрүлүшү боюнча жаңы маалыматтарды ачыктайт

Америка Кошмо Штаттары Хашокжинин өлтүрүлүшү боюнча жаңы маалыматтарды ачыктайт

АКШнын Улуттук чалгындоо агенттиги ушул аптада Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын кабарчы Жамал Хашокжини өлтүрүүгө буйрук бергендиги тууралуу отчетун жарыялайт.Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, ушул жумада жарыяланууга тийиш болгон отчетто Эр-Рияддын бийлигине каршы чыккан жазуучу Хашокжуну өлтүрүүгө буйрук берген чалгындоо агенттиктеринин табылгалары боюнча маалыматтар берилет.Белгилей кестек, Саудиянын мураскер ханзаадасына каршы чыккан журналист Хашокжи 2019-жылы сентябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Сауд Аравиясынын консулдугуна административдик жумушка барганы барганда өлтүрүлгөн, бирок анын денеси дайынсыз болгон.Washington Post гезити…

Прочитайте больше

АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине койгон Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүү талабынан баш тартты

АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешине койгон Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүү талабынан баш тартты

Вашингтон Иранга каршы санкцияларды БУУнун Коопсуздук Кеңеши аркылуу калыбына келтирүү чечимин өзгөрттү.Tasnim News маалымат порталы билдиргендей, АКШ Иранга каршы санкцияларды жаңыртуу талабынан баш тартты.Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Ричард Миллс кабарлаган.Белгилей кетсек, 2020-жылы августта АКШнын мурдагы администрациясынын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Коопсуздук Кеңешинде Иранга каршы санкцияларды калыбына келтирүү жол-жобосун баштоого аракет кылган.Ал өз сунушун БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Төрагасынын атына жолдоп, анын себебин Иран тарабынан келишимдин шарттары бузулганын шылтоологон.Эске…

Прочитайте больше

Америка Кошмо Штаттары Климат боюнча Париж келишимине расмий түрдө кайтып келди

Америка Кошмо Штаттары Климат боюнча Париж келишимине расмий түрдө кайтып келди

АКШ Климат боюнча Париж менен келишимин кайра түздү.Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Байдендин администрациясы расмий түрдө Трамп баш тарткан Париж климаттык келишимине кайтып келди.Белгилей кетсек, АКШ өкмөтүнүн климаттын өзгөрүүсү боюнча атайын чабарманы Жон Керри АКШнын Британиядагы жана Италиядагы элчилери, БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш жана БУУнун климаттык дымагы боюнча өкүлү Майкл Блумберг менен жолугушту.Бул кадам боюнча чет элдик илимпоздор жана дипломаттар Жо Байдендин президенттигинин биринчи күнүндөгү буйругунан 30 күн өткөндөн кийин таанылган келишимге Кошмо Штаттардын…

Прочитайте больше

Касиеттүү үч айлар

Касиеттүү үч айлар

Бул касиеттүү айлар – Ражаб, Шабан жана Рамазан айы. Касиеттүү айларга урмат көрсөтүү күнөөлөрдөн алыстоо жана ибадаттарды орундоо менен болот. Бул касиеттүү айларда убада кылынган соопторго жетүү үчүн баарынан мурда итикадды (ишенимди) түздөө керек. Илмихал маалыматтарын үйрөнүп, жашообузду мына ушуларга шайкеш абалга келтиришибиз керек. Көп тообо жана истигфар кылып, казага калган намаздардын казаларын дароо окуп баштоо керек. Ражаб айынын биринчи Жума түнү – Рагаиб түнү. Бул түнгө урмат кылгандар кечирилет. Ражаб айынын ар түнү кадырлуу. Ар Жума…

Прочитайте больше

Алишер Усманов Өзбекстанга өз эсебинен COVID-19 вакцинасынын 500 миң дозасын сатып берет

Алишер Усманов Өзбекстанга өз эсебинен COVID-19 вакцинасынын 500 миң дозасын сатып берет

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Өзбекстан үчүн өз эсебинен COVID-19 вакцинасынын 500 миң дозасын сатып берет. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Наманган облустук кеңешинин элдик депутаттарынын кезексиз жыйынында билдиргенин “Газета.uz” агенттиги жазды. Мирзиёевдин билдирүүсүнө караганда, ишкер Алишер Усманов калкты эмдөөнүн биринчи этабынын алкагында коронавируска каршы вакцинанын 1 миллион дозасын  сатып алууга байланыштуу чыгымдардын жарымын жабууну сунуштады. “Алишер Бурханович (Усманов) пландаштырылган 1 миллион дозанын 500 мин дозасын өз эсебинен сатып алам деди. Ал Наманганды сүйөрүн айтып, аймакка алгачкы 50 миң…

Прочитайте больше

ИШИМ расмий түрдө Йемендин Ансаруллах тобуна каршы согуш жарыялады

ИШИМ расмий түрдө Йемендин Ансаруллах тобуна каршы согуш жарыялады

ИШИМ террордук уюму расмий билдирүү жасап, Сауд коалициясы менен кызматташуусун жана Йемендин Ансаруллах күчтөрүнө каршы согушарын жарыялады. Бул тууралуу “IranPress” агенттиги маалымдады.Йемендеги ИШИМ тобунун террористтери билдирүүсүндө, Йемендин армиясынын жана Ансаруллах тобунун күчтөрү менен Мариб провинциясындагы Аль-Касара аймагындагы кагылышышканына токтолуп, кагылышуу учурунда Сана өкмөтүнүн бир катар күчтөрү набыт болуп, жаракат алышканын билдирди. Ошондой эле ИШИМ террордук тобу эки штабды басып алгандыгын жарыяланды.Йемендин айрым маалымат каражаттары акыркы күндөрү Сана өкмөтүнүн күчтөрүнө каршы туруу үчүн ИГИЛ жана Аль-Каида топторунун командирлери…

Прочитайте больше

Норвегияда коронавирустун жаңы түрү табылды

Норвегияда коронавирустун жаңы түрү табылды

Новегияда B.1.525 деп аталган коронавирустун жаңы түрүнүн 10 учуру катталды. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, кечээ, 18-февралда Норвегияда COVID-19дун B.1.525 деген жаңы түрү табылды.Буга чейин коронавирустун бул түрүнүн 30га жакын учуру Улуу Британияда, Данияда жана АКШда катталган.Норвегиянын Саламаттыкты сактоо институтунун башчысы Лине Вольд “Жаңы вирус тез жайылабы же жокпу, азырынча так билбейбиз. Бирок тез жугушу мүмкүн. Ошондой эле, дагы бир жагдай, вирус өлкөгө чет өлкөдөн кирген-кирбегенин дагы айта албайбыз. Коронавирустун жаңы түрлөрүнүн чыгышы табигый нерсе, анткени…

Прочитайте больше

Түркияда байчечекей тергендерге айып пул автоунаанын баасына көтөрүлдү

Түркияда байчечекей тергендерге айып пул автоунаанын баасына көтөрүлдү

Түркиядагы байчечекейлер жок болуу коркунучунда. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, Түрк бийлиги улуттук парктарда байчечекейлерди чогулткандарга айып пулду бир топ көбөйттү.Берилген маалыматтарга караганда, эми бир гана түп байчечекей үзгөндүгү үчүн 80 465 лира (болжол менен 848 миң рубль) төлөнүшү керек. “Эгерде байчечекейлерди коммерциялык максатта жыйналганы далилденсе, айып пулдун көлөмү үч эсеге көбөйөт”,- деп жазат “Российская газета”. Эске салсак, Түркиядагы байчечекейлер айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамы менен бирге корголот.Быйыл эрте гүлдөгөндүгүнө байланыштуу аларга өзгөчө көңүл бурулду. Ошол эле учурда,…

Прочитайте больше

Байден Америка Кошмо Штаттарынын ичиндеги негизги террордук коркунучту атады

Байден Америка Кошмо Штаттарынын ичиндеги негизги террордук коркунучту атады

АКШ Президенти өлкө үчүн негизги ички террордук коркунучту атады. Islam Today маалымат порталы билдиргендей, “ак терилүүлөрдү артык эсептеген” кыймыл АКШдагы эң чоң террордук коркунучту жаратат. Бул тууралуу Милуокидеги (Висконсин штаты) коомдук жыйында сүйлөп жатып, АКШнын президенти Жо Байден билдирди.«Бул биздин жашообуздун каргышы. Алар ар дайым болуп келген. Алар чындыгында жинди топтор, алар кооптуу адамдар. Мен Юстиция Департаментинен бул адамдарга көбүрөөк көңүл буруусун талап кылам. Биз чогуу бул кыймылдын өсүшү менен кантип күрөшүү керектигине көңүл бурушубуз керек”, – деп айтты…

Прочитайте больше

Рагаиб түнү

Рагаиб түнү

Ражаб айынын алгачкы Жума түнү Рагаиб түнү болуп эсептелет. Ар бир Жума түнү баалуу. Бул эки баалуу түн бир убакта болгондо андан да баалуу болот. Аллаху таала бул түнү момундарга жакшылыктарды берет. Бул түнгө урмат көрсөткөндөрдү кечирет. Бул түнү кылынган дуба артка кайтарылбайт жана намаз, орозо, садага сыяктуу ибадаттарга сансыз сооптор берилет. Бул түн Пайгамбарыбыздын атасы үйлөнгөн түн эмес. Мындай деп айтуу жаңылыш. Расулуллахтын тогуз айдан мурда дүнүйөгө келгендигин айткандык болот, бул болсо кемчилик болуп…

Прочитайте больше

Кыргызстанда гидро жана шамал генераторлорун өндүрүү боюнча ишканаларды түзүү пландаштырылууда

Кыргызстанда гидро жана шамал генераторлорун өндүрүү боюнча ишканаларды түзүү пландаштырылууда

Күн мурун, 17-февралда Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын “Taechang N.E.T Co LTD” компаниясынын президенти Джи Ин Хо менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө энергетика жаатында кызматташуу жана Кыргызстанда калыбына келүүчү энергия булактарын өнүктүрүүгө инвестицияларды, гранттык жана техникалык жардам тартуу маселелери талкууланды, атап айтканда, кичи ГЭСтер жана шамал энергиясы боюнча биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү маселелери сүйлөшүлдү. Элчи Кемелова жакынкы келечекте Кыргызстанда гидро жана шамал генераторлорун өндүрүү боюнча биргелешкен…

Прочитайте больше

Окумуштуулар COVID-19дун таң калыштуу белгилери табылганын билдиришти

Окумуштуулар COVID-19дун таң калыштуу белгилери табылганын билдиришти

Америкалык окумуштуулар Covid-19дун  таң калыштуу терс таасирлери тууралуу билдирүү жасашты. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Американын окумуштуулары биринчи жолу радиологиялык сүрөттөрдү колдонуп, коронавирус менен ооруган кээ бир бейтаптарда эмне себептен муун жана булчуң оорулары кездешип жатканын далилдешти. Изилдөөнүн натыйжасы Skeletal Radiology журналында жарыяланды.COVID-19 менен ооругандардын көпчүлүгү муун жана булчуң ооруларына даттанышат. Алардын айрымдары ревматоиддик артрит, аутоиммундук миозит же сөөк манжалары деп аталган манжалардын сезгениши сыяктуу олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болушат.Northwestern университетинин изилдөөчүлөрү Түндүк-Батыш медициналык клиникасынын дарыгерлери менен…

Прочитайте больше

Орусия, Түркия жана Иран Сирия боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Орусия, Түркия жана Иран Сирия боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Сочиде Сирия боюнча Астана форматындагы 15-эл аралык жолугушуу аяктады. Islam today маалымат порталы билдиргендей, Сочиде аяктаган Астана форматындагы Сирия боюнча 15-эл аралык жолугушуудан кийин Орусия, Түркия жана Иран биргелешкен билдирүү кабыл алышты.Документте үч мамлекеттин Сириядагы ИШИМ жана Жабхат ан-Нусранын  террорчуларын биротоло жок кылуу үчүн кызматташууну улантууга максаты баса белгиленди.Документте мындай айтылат: «Биз террорчулукка каршы күрөшүүнүн бардык түрлөрүндө жана көрүнүштөрүндө жана Сириянын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга жана коңшу мамлекеттердин улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирүүгө багытталган сепаратисттик пландарга…

Прочитайте больше

Ыңкылабдын лидери: Эгерде биз каршылаш тараптын өзөктүк келишим боюнча оң кадамдарын байкасак, ушундай жол менен иш-аракет кылабыз

Ыңкылабдын лидери: Эгерде биз каршылаш тараптын өзөктүк келишим боюнча оң кадамдарын байкасак, ушундай жол менен иш-аракет кылабыз

Аятолла Хаменеи өзөктүк келишим боюнча Иран Ислам Республикасынын саясатын баяндады. Fars News агенттигинин маалыматына ылайык, Иран Ислам Республикасынын Руханий лидери Аятолла саид Али Хаменеи Тебриз шаарынын жашоочуларына видео кайрылуу жасап, өлкөнүн өзөктүк келишим боюнча позициясын баяндады. “Эгерде биз өзөктүк келишимдеги каршылаш тараптын алгылыктуу кадамдарын көрө турган болсок, анда биз дагы ошондой иш-аракет кылабыз. Бул жолу мурдагыдай жөн гана убадалар менен канааттанбайбыз”, -деди Руханий лидер.Ислам Ынкылабынын лидери Тебриз шаарынын жашоочулары үчүн видео кайрылуусунда мындай деп кошумчалады: “Өзөктүк келишимдин айланасында ушак-айыңдар…

Прочитайте больше
1 217 218 219 220 221 230