Фейсбуктун белгилүү активисти Гүлзат Аалиева кармалды

БИШКЕК, 22-апрель. — Eurasia Today. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы  Гүлзат Аалиеваны  диндер аралык жана аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн камакка алышты.

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдирүүсүнө ылайык, 19-февраль күнү Д.У. аттуу жаран Гүлзат Аалиевага Фейсбук социалдык тармагы аркылуу диндер аралык жана аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн чара көрүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган.

Бул кайрылуудан соң, борбор калаанын милициясынын ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1973-жылы туулган Аалиева Г. кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Учурда ал, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
 

Ички иштер башкармалыгы анын камакка алынуусу боюнча бүгүнкү күндө керектүү экспертизалар дайындалганын жана Гүлзат Аалиеванын  басылмаларында изилденип жаткан материалдын мазмунун эмоционалдык пикирлер жана терс мамилелер табылганын билдиришти.

Белгилей кетсек, Гүлзат Аалиева Facebook социалдык тармагы аркылуу Теңирчиликти жигердүү жайылткан. Ошондой эле, ал өзүнүн басылмаларында бир нече жолу диний ишмерлерди, атап айтканда, исламдын өкүлдөрүн сынга алган.

Аалиеванын кармалышы активисттердин терс реакциясын жаратты. Алар Аалиева динди эмес, айрым диний лидерлердин аракеттерин сындагандыгын белгилешти.

Комментарий жиберүү