Орусияда COVID-19га каршы вакцина тамчы түрүндө жасалат

Гамалея борборунун башчысы Александр Гунцбург Орусияда тамчы түрүндөгү коронавируска каршы вакцина качан пайда болорун алдын-ала айтты.

Бул тууралуу ал Биринчи каналдын эфиринен билдиргенин “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт. Анын айтымында, мындай препарат 2021-жылдын аягында же 2022-жылдын башында пайда болушу мүмкүн. Ошол эле учурда Гунцбург мындай вакцинанын берилген мөөнөттө иштелип чыгышына кепилдик бере албастыгын баса белгиледи.

Препараттын бул формасы балдарды эмдөө процессин жеңилдетет, ошондой эле иммунитеттин башка түрүн түзөт деп болжолдонууда. Апрелдин башында Гунцбург РИА Новостиге берген маегинде борбордо мурун куюлуучу коронавируска каршы вакцинанын клиникага чейинки сыноолору башталгандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, Орусия коронавируска каршы вакцинаны каттаган дүйнөдөгү биринчи өлкө. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги COVID-19га каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинаны 11-августта каттаган. Ал вакцина Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология улуттук илимий изилдөө борбору тарабынан Орусиянын түз инвестициялар фонду менен биргеликте иштелип чыккан. Ал вакцина “Sputnik V” деп аталган.

Буга чейин дүйнө жүзүндө 10-11 миллион адам “Sputnik V”  вакцинасы менен эмделгени маалымдалган.

Комментарий жиберүү