Кыргызстанда канча ардагер калды жана канча жөлөкпул алышат?

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 146 арадагери бар.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигимаалымдагандай,  Кыргызстанда  146 ардагердин 33ү Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, 85и Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, 13ү концлагерлердин жашы жете элек туткундары жана 15и Ленинград шаарынын блокадасында калгандар. Бул тууралуу “Eurasia Today” агенттиги аталган министрликтин басма сөз кызматына шилтеме берип билдирет.

Ошондой эле республикада Экинчи Дүйнөлүк согуштун тылынын 1 миң 304 эмгекчилери, 2 эмгек жоокери жана согушта каза болгондордун 5 үй-бүлөсү жашайт.

Белгилей кетсек,  2020-жылдын 1-апрелине карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин саны 241 адам болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 146 адамды түзгөн.

 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери ар кандай суммадагы жөлөкпулдарды алышат:
Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, катышуучулары, ошондой эле Ленинградда курчоого алынгандар жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары ай сайын 7000 сом;

Ал эми, эмгек майданы жана тылдын майып жумушчулары – 2000 сом;
 

Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле Экинчи Дүйнөлүк согуштагы каарман эмгеги үчүн сыйлыктарга ээ болгон тылдын эмгекчилерине 1000 сом берилет.

Буга кошумча Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ошондой эле Ленинград курчоосунда жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары өмүр бою 10 миң сом стипендия алышат.

Эске салсак, жыл сайын республикалык бюджеттен Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин урматына ардагерлерге 9-майга чейин бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнүп турат.

Бир жолку төлөм 9-майга карата майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ошондой эле Ленинградда курчоого алынгандар жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары үчүн 20 000 сом берилет.
 

Ошондой эле Экинчи Дүйнөлүк согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө, тылдын эмгекчилери жана эмгек армиясынын мүчөлөрүнө 15 000 сомдук жөлөкпул берилмекчи.
 

Бүгүнкү күндө министрлик бир жолку жөлөкпулдарды төлөө үчүн социалдык өнүгүүнүн аймактык башкармалыктарына жалпы суммасы 22 миллион 782 миң сом бөлүндү.

Комментарий жиберүү