Жакында Баткенде мунай чыгарган завод иштей баштайт

Келерки айдан баштап Баткен облусунун Лейлек районунда мунай иштетүүчү завод ишке кирет.

Бул туралуу Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлаганын “Eurasia Today” агенттиги маалымдайт.

Аталган министрликтен билдиргендей, «Баткен облусунун Лейлек районунда “Сафар” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан мунай иштетүүчү чакан завод курулуп жатат.

Маалыматка ылайык, завод май айынан тарта толук кандуу ишке кирет. Андан кийин жылына жаңыланып, чийки затты иштетүүнүн көлөмү арттырылып турмакчы. Жылына 50 миң тоннага чейин мунай иштеп чыгуусу күтүлүүдө. Анда дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарылат. Жалпы 40ка жакын киши иштейт.

Өлкөдө мунайга болгон баа өсүп жатканы баарыбызга белгилүү. Буга чейин, Энергетика жана өнөр жай министри Кубаныч Турдубаев парламенттин 24-марттагы отурумунда күйүүчү майдын баасын өстүрбөш үчүн өлкөбүздө мунайды иштетүүчү заводдорду иштетиш керектигин баса белгилеген.

Министрдин айтымында, өлкөдө 10 мунай иштетүүчү завод бар, бирок алар толук кубаттуулук менен иштетилбей келет.

Комментарий жиберүү