Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсеси ачылды. Видео

Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсеси ачылды. Видео

 Президент Садыр Жапаров жана ФИФА Президенти Джанни Инфантино биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесин ачышты. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) Президенти Джанни Инфантино бүгүн, 5-майда, биргеликте Бишкек шаарында Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесин ачышты. Төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган. Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык…

Прочитайте больше

Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды. Сүрөт

Ржевде кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориал ачылды. Сүрөт

 Мөңгү баскан Ала-Тоонун үч чокусу түрүндөгү төрт метрлик эстелик Кыргыз ССРинде туулуп, Ржев салгылашында курман болгон Кызыл Армиянын жоокерлеринин урматына тургузулган. Россияда расмий сапар менен жүргөн президент Садыр Жапаров Ржев шаарында Улуу Ата Мекендик согушта Ржев-Вяземск багытындагы салгылашууларда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге арналган мемориалды ачты. Жапаров менен Россиянын Мамдумасынын Федералдык Жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин мемориалга гүл коюп, курман болгон жоокерлердин элесин бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти. Ржев жерине мемориал орнотуу демилгеси кыргыз тарапка таандык…

Прочитайте больше

Кыргызстанга биринчи жолу ФИФАнын президенти Джанни Инфантино келет

Кыргызстанга биринчи жолу ФИФАнын президенти Джанни Инфантино келет

Кыргызстанга биринчи жолу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Жанни Инфантино келет. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Инфантинонун Кыргызстанга сапары 4-5-майга белгиленип, анын алкагында Жанни Инфантино президент Садыр Жапаров менен жолугат. ФИФАнын жетекчиси Жанни Инфантино менен президент Садыр Жапаров Кыргыз футболдук союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылышына катышуусу пландалууда. Белгилей кетсек, кеңсенин курулушу FIFA Forward программасынын долбоорунун алкагында ишке ашырылган. Мындан сырткары, жолугушуулардын жүрүшүндө ФИФАнын Кыргыз футболдук союзунун демилгелерин колдоо, атап айтканда, өлкөдөгү футбол инфраструктурасын…

Прочитайте больше

Иранда палестиндерди колдогон кемелердин парады өттү. Сүрөт

Иранда палестиндерди колдогон кемелердин парады өттү. Сүрөт

 Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аскер-деңиз күчтөрү Палестина элине тилектештик көрсөтүү максатында Каспий деңизинде, Перс булуңунда жана Оман деңизинде  2700дөн ашуун кеменин катышуусунда ири парад өткөрдү. Бул тууралуу иран маалымат каражаттары жазды. Бүгүн, 14-апрель ыйык Рамазан айынын акыркы жумасы – Эл аралык Аль-Кудс күнү катары белгиленет. Бул күнү дүйнө мусулмандары Палестина элине тилектештигин билдиришет. Аль-Кудс күнү Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни тарабынан 1982-жылы негизделген. Бул күн Иран боюнча жыл сайын белгиленип, миңдеген адамдардын катышуусунда жөө…

Прочитайте больше

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Ирандын президенти Ибрахим Раиси Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. «Сизди байыркы Нооруз майрамынын – жаратылыштын кайра жандануу мезгилинин келиши менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн миңдеген жылдар бою сүйүүнүн жана боорукердиктин символу болуп, жүрөктөрдү ойготуп, жаңылануунун жарчысы катары келе жатат. Куттуу майрам элдерибиздин жашоосуна өзгөрүүлөрдү алып келип, жалпы тарыхый жана маданий байланыштарды эске салып, аны менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелерди кеңейтип, тереңдете алабыз, деп ишенем», – деп…

Прочитайте больше

Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстан кайсы орунда?

Эң бактылуу өлкө аныкталды. Кыргызстан кайсы орунда?

 Финляндия алтынчы жыл катары менен дүйнөдөгү эң бактылуу өлкө деп аталды. Мындай жыйынтык БУУнун тапшырмасы менен эксперттер тобу тарабынан даярдалган “World Happieness Report” докладында айтылат. Быйыл Финляндия кайрадан биринчи орунга илинип, экинчи жана үчүнчү катарды Дания менен Исландия ээледи.  Алдыңкы ондуктун ичинен Израиль өлкөсү эң чоң өсүштү көрсөттү – ал быйыл тогузунчу орундан төртүнчү орунга көтөрүлдү. Андан кийинки орундарды Нидерландия, Швеция, Норвегия, Швейцария, Люксембург жана Жаңы Зеландия ээледи. Рейтингде Кыргызстан 62 орунда турат.  Россия быйыл…

Прочитайте больше

Лукашенко 17жылдан бери биринчи жолу Иранга расмий сапар менен барды

Лукашенко 17жылдан бери биринчи жолу Иранга расмий сапар менен барды

 Беларустун президенти Александр Лукашенко 12-март күнү кечинде Иранга расмий сапар менен барып бүгүн, 13-мартта Ирандын президенти Ибрахим Раиси менен жолугушту. Бул тууралуу иран маалымат каражаттары жазды. Лукашенконун буга чейинки Иранга сапары 2006-жылы болгон. Ал ирандык кесиптеши Раиси менен 2022-жылдын сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде да жолугушкан. Буга чейин Лукашенконун учагы Мехрабад эл аралык аэропортуна конуп, аны Ирандын өнөр жай, кен жана соода министри Сейед Реза Фатеми Амин тосуп алганы кабарланган. Раиси Лукашенкону «Саадабад» сарайынан тосуп алды…

Прочитайте больше

Иран президенти дүйнөдөгү таасирдүү аялдарды кабыл алды. Алардын катарында Айгүл Жапарова да бар

Иран президенти дүйнөдөгү таасирдүү аялдарды кабыл алды. Алардын катарында Айгүл Жапарова да бар

 Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Ирандын президенти Ибрахим Раисинин Тегеран шаарында өтүп жаткан илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын Биринчи эл аралык Конгрессинин катышуучулары менен жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга Армениянын премьер-министринин, Сербиянын, Ирактын, Буркина-Фасонун президенттеринин жубайлары, ошондой эле Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынын 40тан ашык өлкөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги делегациялары, анын ичинде Азербайжандын, Казакстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан, Индонезия, Малайзия, Сальвадор, Кытай, Япония ж.б. өкүлдөрү да катышты. Ирандын президенти Ибрахим Раиси өз…

Прочитайте больше

Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдары жолугушту. Сүрөт

Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдары жолугушту. Сүрөт

 Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 20-январда Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык Конгрессине катышуунун алкагында Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты. Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода Айгүл Жапарова менен учурашып, Эл аралык конгресске катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бул иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган…

Прочитайте больше

Миңдеген палестиналыктын Аль-Акса мечитинде болушу жана Палестинанын биримдигине исламий жихаддын басым жасоосу

Миңдеген палестиналыктын Аль-Акса мечитинде болушу жана Палестинанын биримдигине исламий жихаддын басым жасоосу

Сионисттик режим тарабынан Аль-Акса мечитине киргизилген чектөөлөргө карабастан, миңдеген палестиналык жарандар бул ыйык жерде жума күнү багымдат намазын окушту. Аль-Алам – оккупацияланган Палестина Он миңдеген палестиналык кечээ 13-январь жума күнү Аль-Акса мечитинде таң намазын окушту. Ошондой эле Иерусалимдеги палестиналык бирикмелер палестиналык жарандарды эртең мененки жана жума намаздарын окуу үчүн жана сионист отурукташкандардын Аксаны экиге бөлүү планынын ишке ашуусуна бөгөт коюу жана Ислам жихады Палестинаны биримдикке чакыруу үчүн Палестина жарандарын Акса мечитине чакырышты. Палестинанын Исламий Жихад…

Прочитайте больше

Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Себеби

Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Себеби

 Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Тунгуч президентке кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы келишим түзүүдө жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү беренелери боюнча айып тагылган. Башкы прокуратура Аскар Акаевге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин мөөнөттү өтүп кеткендиктен иш өндүрүштөн токтотулганын билдирди. Мурдагы президент акыркы эки жылда Кумтөр иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке эки ирет келип кеткен. Биринчи жолу Акаев 2021-жылдын август айында…

Прочитайте больше

Берлинде ири аквариум жарылып, 1500дөй балык өлдү. Видео

Берлинде ири аквариум жарылып, 1500дөй балык өлдү. Видео

 Берлинде Александрплац аянтына жакын жерде жайгашкан “Dom Aquaree” мейманканасынын фойесин кооздоп турган, бийиктиги 16 метр, диаметри 11,5 метрди түзгөн аквариум жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Bild гезитине шилтеме берип жазышты. Басылманын маалыматына караганда, аквариумдан миллион литр суу төгүлүп, айрым терезе-эшиктерди талкалап, жер төлөлөрдү каптап, көчөгө чейин агып чыккан. Ал эми анда жашаган кымбат баалуу жүздөн ашык түрдөгү 1,5 миңдей балык өлүп, эки адам жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Полиция аквариумдагы суу Карл-Либкнехт-Штрассе көчөсүндө селдей болуп акканын билдирди. Окуя болгон жерде…

Прочитайте больше

Садыр Жапаров жаңы сатылып алынган Airbus H145 тик учагын сынап көрдү. Сүрөт

Садыр Жапаров жаңы сатылып алынган Airbus H145 тик учагын сынап көрдү. Сүрөт

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, Кыргызстанга келген экинчи жаңы Airbus H145 тик учагында айланып учуп, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Республикалык бюджеттин эсебинен Германиядан сатылып алынган жаңы тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү. Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган. Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын…

Прочитайте больше

Сууну үнөмдүү колдонуу үчүн 10 кеңеш

Сууну үнөмдүү колдонуу үчүн 10 кеңеш

Бир күндүк жашооңузду суусуз элестете аласызбы? Албетте, жок. Суу – биздин ажырагыс бөлүгүбүз. Суу түгөнүүчү ресурс экендигин жана Жер шарындагы суунун аз гана бөлүгү ичүүгө жарактуу эсептелерин баарыбыз биле бербейбиз. Билесизби, дүйнөдө таза сууга жетпей, зар болгондор канча? 150 млн адам таза суу жок болгондуктан, кир сууну ичүүгө аргасыз. Ал эми 260 млн адам сууга жетиш үчүн сааттап жол жүрөт. Дээрлик 1,5 млрд адам ичүүгө жарактуу сууну табыш үчүн жарым саат убактысын коротот. Жылына 6…

Прочитайте больше

Ооруларды айыктыруу үчүн оригами роботу иштелип чыкты

Ооруларды айыктыруу үчүн оригами роботу иштелип чыкты

Адамдын денесинин ичинде кыймылдап иштеген робот каалаган убакта формасын өзгөртүп, бурулуп, тар мейкиндикте кыймылдап, багытын өзгөртө алат. Япониялык илимпоздор, кагазды бүктөө өнөрү “оригамиден” шыктанышып, адамдын денесиндеги ооруларды айыктыра турган роботту ойлоп табышты. Адамдын денесинин ичинде кыймылдап иштеген робот каалаган убакта формасын өзгөртүп, бурулуп, тар мейкиндикте кыймылдап, багытын өзгөртө алат. «Миллибот» деп аталган жана дене суюктуктарынан күч алуу менен иштеген аппарат, дарылоону камсыздай турган дары-дармекти алып жүрүүгө жана көйгөйлүү жердеги процесс боюнча маалыматтарды чогултууга жөндөмдүү. Окумуштуулар…

Прочитайте больше
1 2 3 4 5