Флорида университетидеги америкалык окумуштуулар Айдын топурагына отургузулган өсүмдүктү ийгиликтүү өстүрө алышты. Бул тууралуу НАСА билдирди. Маалыматка ылайык, Айдын топурагында жасалган эксперименттер 11 жылга созулган. Топурак 1960-1970-жылдары Аполлон миссиясы учурунда чогултулган. Бардыгы болуп Жерге 382 кг ай таштары жана реголит жеткирилген. Үлгүлөр чоң тарыхый мааниге ээ жана окумуштуулар үчүн аларды NASAдан алуу оңой болгон эмес. Бирок агенттик ошого карабастан микро бакчаны өстүрүү үчүн 12 грамм материал алууга уруксат берген. Чондугу оймоктой болгон идиштерге бир граммдан ай…
Прочитайте большеДайджест
Ташкентте Борбор Азиядагы алгачкы океанариум ачылды
Борбор Азиядагы эң чоң океанариум Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте ачылды. Бул тууралуу шаардын акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Гигант аквариум Ташкенттеги ири “Magic City” оюн-зоок паркында ачылган. Узундугу 20, тереңдиги 3,8 метрди түзгөн аквариум-туннельде балыктын, жыландардын, медузанын жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрү жашайт. Ошондой эле, келген коноктордун чордонунда болуп жаткан чоң акулалар бар. Маалыматка ылайык, океанариумга кирүү баасы балдар үчүн 75 000 сумду (болжол менен 7 доллар) жана чондор үчүн 100 000 сумду (9 доллар) түзөт.
Прочитайте большеЧилиде динозаврдын жаңы түрү табылды
Динозаврдын куйругу жалбырак сымал түзүлүштө биригишкен жети жуп жалпак сөөктөн турат. “Stegouros elengassen” деп аталган динозаврдын калдыктары Чилинин түштүк аймагы болгон Патагониядагы Магалланес провинциясынан табылды. Болжол менен 2 метр өлчөмүндөгү «анкилозавр» деп аталган кичинекей динозавр фоссилинин болжол менен 71,7 миллиондон 74,9 миллион жыл мурда жашагандыгы аныкталды. Динозаврдын куйругу жалбырак сымал түзүлүштө биригишкен жети жуп жалпак сөөктөн турат.
Прочитайте большеАбу-Дабиде Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум ачылды (фото)
Бириккен Араб Эмираттарында Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум – Абу-Дабинин Улуттук аквариуму ачылды. Анда 33 миңге жакын деңиз жаныбарлары жашайт. Аквариум аянты жети миң чарчы метрди түзөт. Бул жерге жыл сайын бир миллионго чейин коноктор келе алышат. Комплексте Жакынкы Чыгышта эң узун суу астындагы туннел бар. Бул жерде 80ден ашык деңиз биологдору жана башка адистер эмгектенишет. Алар деңиз жашоочуларына көз салып, деңиз фаунасынын жандыктарын изилдешет. Мындан тышкары, Улуттук аквариумда билм берүү бөлүмү ачылып, анда жылына…
Прочитайте большеВидео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды
Япониянын “ALI Technologies” компаниясы саатына 100 чакырым жүрүүгө жөндөмдүү болгон “учуучу мотоциклин” көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Бул укмуштуу техниканы “Xturismo” деп аташкан. Ал катуу ылдамдыкта токтобой 40 мүнөткө чейин жүрө алат. Баасы 682 миң доллар. Презентация учурунда “Xturismo” жерден бир нече метр бийиктикке көтөрүлүп, абада бир жарым мүнөттөй айланып турду. Аппараттын салмагы 300 кг. жана ал бир адамды көтөрүүгө ылайыкталган. *ALI Technologies” компаниясы заказдарды ала баштады. 200 даанадан турган биринчи партиясын чыгарууну…
Прочитайте большеВидео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты
Эйндховен Технологиялык университетинин студенттеринен турган команда толук күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты. “Stella Vita” деп аталаган унаанын ичинде керебет, муздаткыч, ажаткана, диван жана кичинекей ашкана аянты бар. Унаа күн ачык мезгилде 730 чакырым жол жүрө алат.Унаанын чатырына күн панелдери орнотулган.Авторлордун айтымында, унаанын аккумулятору аба ырайына жараша эки-үч күндө толук кубатталат.Аба ырайы начар болгон учурларда аккумуляторду электромобилдерди кубаттоочу станциялардан кубаттаса болот.Унаанын ичиндеги бардык тиричилик техникалары күндүн энергиясы менен иштейт.Команданын мүчөсү Тийна Тер Хорсттун айтымында, мындай…
Прочитайте большеРекорд: Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өттү (видео)
Кыргызстандык суучул Владислав Шулико 180 чакырымга созулган Ысык-Көлдү узунунан сүзүп, марага жетип жаңы рекорд койду. Спортчу 22-августта Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан баштап сүзүп, бүгүн 27-августта Балыкчы шаарындагы “Алия” эс алуу жайына келди. Көл жээгинен аны Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү эл жана жакындары тосуп алышты.
Прочитайте большеКытайда дрон орнотулган смартфон ойлоп табылды (фото)
Кытайлык Vivo компаниясы камералары бар дрон орнотулган өзгөчө смартфон ойлоп тапты. Бул тууралуу нидерланддык LetsGoDigital басылмасы билдирет. Патент Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмуна (WIPO) декабрь айында берилген, бирок арыз июль айында гана жарыяланды. Маалыматка ылайык, чакан квадрокоптер смартфондун корпусунун жогору жагындагы оюкта жайгаштырылат. Дрон төрт дилдирек, өзүнчө аккумулятор, эки камерадан жана жакындата турган үч инфракызыл датчик менен жабдылат. Квадрокоптер маалыматтарды телефонго Wi-Fi жана Bluetooth аркылуу өткөрүп берет. Аппарат сүрөттөрдү жана видеолорду бийиктиктен тартууга ылайыкталган. Колдонуучулар…
Прочитайте большеКосмонавт Ысык-Көлдүн космостон тартылган жаңы сүрөтүн жарыялады
Орусиялык космонавт Олег Артемьев Ысык-Көлдүн космостон тартылган сүрөтүн өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырды. “Сүрөттө эн белгилүү жана кооз көлдөрдүн бири Кыргызстандагы Ысык-Көл экенин таанысанар керек”, – деп жазды космонавт. Белгилей кетсек, Олег Артемьев буга чейин дагы Эл аралык космостук станциядан тартылган Ысык-Көлдүн сүрөттөрүн жана видеолорун бир нече жолу жүктөгөн.
Прочитайте большеФинляндияда көчө тазалоочу робот-чаң соргуч пайда болду (видео)
Эгер мурун биз робот-чаң соргучтарды үйдөн гана көргөн болсок, эми ал Финляндиянын ири шаарынын көчөлөрүндө пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Автоматташтырылган машина жолдорду бир нече саат катары менен тазалай алат. Ал жолдогу таштандыларды тазалоо үчүн айланып турган щеткаларды колдонот. Робот-чаң соргучту финляндиялык “Trombia Technologies” компаниясы жасап чыгарган. Учурда толук автоматташтырылган “Trombia Free” робот чаң-соргучу Хельсинкинин көчөлөрүн тазалап жатат. Машинанын узундугу 3,52 метр жана туурасы 2,3 метр. Кошумча тазалоочу щеткалар орнотулса, анын туурасы…
Прочитайте большеКытайда чөкпөй турган «Титаник» кемесинин көчүрмөсү курулууда (фото)
Кытайдын Сычуань провинциясында чөкпөй турган “Титаник” кемесинин көчүрмөсү курулууда. Кеме “Чөкпөй турган Титаник” деп аталган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды. Кеме легендарлуу Титаник кемесинин так өзүндөй болуп курулууда. Анын узундугу 269,06 метр, туурасы 28,19 метрге жетет, ал эми ички жасалгасы чөгүп кеткен “Титаник” кемесинин жасалгасындай жасалат. Кемеде аянтчалар, бассейн жана банкет залдары болот. Кытайлыктар ошондой эле кемеде сахнасы бар театр да болорун убада кылышууда. Чыныгы Титаниктен айырмаланып, бул кеме Цицзян дарыясындагы суу сактагычта…
Прочитайте большеЧайдын өлүмгө алып келүүчү коркунучтары
Түркиянын “Cumhuriyet” гезити ысык чай ичүүнүн ден-соолукка коркунуч келтирген зыяндарын тизмектеди. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, бир нече жыл бою 500 000 кишиге жүргүзүлгөн байкоолор, дайыма ысык чайды 65 градустан жогору температурада ичүү кызыл өңгөч рагына чалдыгуу коркунучун жогорулатарын көрсөттү.Бул тууралуу гастроэнтеролог, профессор Ведат Гёрал рак дүйнөдө өлүмдүн себептери боюнча алтынчы орунда (башка булактарга ылайык, сегизинчи) турарына токтолуу менен билдирди. Анын айтымына караганда, бул олуттуу илдет. Анын генетикалык негизи бар, дүүлүктүрүүчү факторлор дагы болушу мүмкүн.Профессор Ведат Гёрал Cumhuriyet…
Прочитайте большеКофе ымыркайларга кандай таасир берет?
Илимпоздордун изилдөөлөрү кош бойлуу аялдардын кофе ичүүсү баланын салмагына таасир этерин көрсөттү. «ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, кош бойлуу кезинде кофе ичкен аялдар, мындай суусундуктардан таптакыр баш тарткандарга караганда, дене салмагы жана көлөмү кичинекей балдарды төрөшөт. Юнис Кеннеди Шрайвер атындагы балдардын ден-соолугу жана адамдын өнүгүүсү боюнча улуттук институттун окумушутуулары ушундай тыянакка келишти.Медицина илимдеринин доктору жана ушул изилдөөнүн авторлорунун бири Кэтрин Л. Грантц наристе күтүп жатканда, кофеин бар суусундуктарды чектөө же таптакыр баш тартуу зарылдыгын билдирди.Окумуштуулар кош…
Прочитайте большеУлуу Британияда ичеги рагын эрте аныктоо үчүн камерасы бар таблетка ойлоп табылды
Ичеги рагына текшерүүдөн өтүү үчүн, жакын арада балык майы капсуласынын көлөмүндөй таблетканы жутуп коюу жетиштүү болот. “Муну өз алдынча жана үй шартында жасаса болот”, – деп жазатBBC PillCam деп аталган шайман (таблетка-камера) видеокамера жана өткөргүч менен узундугу эки сантиметрлик капсуланы камтыйт. Ал ички органдардын сүрөтүн бейтап тагынган курга бекитилген кабыл алгычка багыттайт. Аны учурда Лондон университетинин колледжинде жана Шотландиянын бир катар медициналык мекемелеринде эндоскописттер колдонуп жатышат. Азыркы тапта Англиянын 40 аймагында 11000 бейтаптын катышуусу менен…
Прочитайте большеНооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат
Нооруз майрамына карата кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 21-март жекшемби күнүнө туура келгендиктен, эс алуу күнү 22-мартка жылдырылат. Мындан улам кыргызстандыктар 20, 21 жана 22-март күндөрү эс алышат. Эскерте кетсек, Кыргызстанда 21-мартта Нооруз майрамы белгиленет.
Прочитайте больше