Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Ирандын президенти Ибрахим Раисинин Тегеран шаарында өтүп жаткан илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын Биринчи эл аралык Конгрессинин катышуучулары менен жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга Армениянын премьер-министринин, Сербиянын, Ирактын, Буркина-Фасонун президенттеринин жубайлары, ошондой эле Европа, Азия, Африка жана Латын Америкасынын 40тан ашык өлкөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги делегациялары, анын ичинде Азербайжандын, Казакстан, Россия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Пакистан, Индонезия, Малайзия, Сальвадор, Кытай, Япония ж.б. өкүлдөрү да катышты. Ирандын президенти Ибрахим Раиси өз…
Прочитайте большеДайджест
Тегеранда Кыргызстан менен Ирандын биринчи айымдары жолугушту. Сүрөт
Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова 20-январда Тегеран шаарында өтө турган Илим жана маданияттагы таасирдүү аялдардын биринчи эл аралык Конгрессине катышуунун алкагында Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык өнүктүрүү жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашты. Иран президентинин жубайы Жамиле Аламолхода Айгүл Жапарова менен учурашып, Эл аралык конгресске катышуу чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бул иш-чара аялдардын коомдогу ролун бекемдөөгө багытталган…
Прочитайте большеМиңдеген палестиналыктын Аль-Акса мечитинде болушу жана Палестинанын биримдигине исламий жихаддын басым жасоосу
Сионисттик режим тарабынан Аль-Акса мечитине киргизилген чектөөлөргө карабастан, миңдеген палестиналык жарандар бул ыйык жерде жума күнү багымдат намазын окушту. Аль-Алам – оккупацияланган Палестина Он миңдеген палестиналык кечээ 13-январь жума күнү Аль-Акса мечитинде таң намазын окушту. Ошондой эле Иерусалимдеги палестиналык бирикмелер палестиналык жарандарды эртең мененки жана жума намаздарын окуу үчүн жана сионист отурукташкандардын Аксаны экиге бөлүү планынын ишке ашуусуна бөгөт коюу жана Ислам жихады Палестинаны биримдикке чакыруу үчүн Палестина жарандарын Акса мечитине чакырышты. Палестинанын Исламий Жихад…
Прочитайте большеАскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Себеби
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Тунгуч президентке кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган, 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы келишим түзүүдө жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддоруна шалаакылык көрсөтүү беренелери боюнча айып тагылган. Башкы прокуратура Аскар Акаевге байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин мөөнөттү өтүп кеткендиктен иш өндүрүштөн токтотулганын билдирди. Мурдагы президент акыркы эки жылда Кумтөр иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке эки ирет келип кеткен. Биринчи жолу Акаев 2021-жылдын август айында…
Прочитайте большеБерлинде ири аквариум жарылып, 1500дөй балык өлдү. Видео
Берлинде Александрплац аянтына жакын жерде жайгашкан “Dom Aquaree” мейманканасынын фойесин кооздоп турган, бийиктиги 16 метр, диаметри 11,5 метрди түзгөн аквариум жарылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Bild гезитине шилтеме берип жазышты. Басылманын маалыматына караганда, аквариумдан миллион литр суу төгүлүп, айрым терезе-эшиктерди талкалап, жер төлөлөрдү каптап, көчөгө чейин агып чыккан. Ал эми анда жашаган кымбат баалуу жүздөн ашык түрдөгү 1,5 миңдей балык өлүп, эки адам жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Полиция аквариумдагы суу Карл-Либкнехт-Штрассе көчөсүндө селдей болуп акканын билдирди. Окуя болгон жерде…
Прочитайте большеСадыр Жапаров жаңы сатылып алынган Airbus H145 тик учагын сынап көрдү. Сүрөт
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда, Кыргызстанга келген экинчи жаңы Airbus H145 тик учагында айланып учуп, сыноодон өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Республикалык бюджеттин эсебинен Германиядан сатылып алынган жаңы тик учак Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү. Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган. Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын…
Прочитайте большеСууну үнөмдүү колдонуу үчүн 10 кеңеш
Бир күндүк жашооңузду суусуз элестете аласызбы? Албетте, жок. Суу – биздин ажырагыс бөлүгүбүз. Суу түгөнүүчү ресурс экендигин жана Жер шарындагы суунун аз гана бөлүгү ичүүгө жарактуу эсептелерин баарыбыз биле бербейбиз. Билесизби, дүйнөдө таза сууга жетпей, зар болгондор канча? 150 млн адам таза суу жок болгондуктан, кир сууну ичүүгө аргасыз. Ал эми 260 млн адам сууга жетиш үчүн сааттап жол жүрөт. Дээрлик 1,5 млрд адам ичүүгө жарактуу сууну табыш үчүн жарым саат убактысын коротот. Жылына 6…
Прочитайте большеОоруларды айыктыруу үчүн оригами роботу иштелип чыкты
Адамдын денесинин ичинде кыймылдап иштеген робот каалаган убакта формасын өзгөртүп, бурулуп, тар мейкиндикте кыймылдап, багытын өзгөртө алат. Япониялык илимпоздор, кагазды бүктөө өнөрү “оригамиден” шыктанышып, адамдын денесиндеги ооруларды айыктыра турган роботту ойлоп табышты. Адамдын денесинин ичинде кыймылдап иштеген робот каалаган убакта формасын өзгөртүп, бурулуп, тар мейкиндикте кыймылдап, багытын өзгөртө алат. «Миллибот» деп аталган жана дене суюктуктарынан күч алуу менен иштеген аппарат, дарылоону камсыздай турган дары-дармекти алып жүрүүгө жана көйгөйлүү жердеги процесс боюнча маалыматтарды чогултууга жөндөмдүү. Окумуштуулар…
Прочитайте большеОкумуштуулар Айдын топурагына биринчи жолу өсүмдүк өстүрүштү – Видео
Флорида университетидеги америкалык окумуштуулар Айдын топурагына отургузулган өсүмдүктү ийгиликтүү өстүрө алышты. Бул тууралуу НАСА билдирди. Маалыматка ылайык, Айдын топурагында жасалган эксперименттер 11 жылга созулган. Топурак 1960-1970-жылдары Аполлон миссиясы учурунда чогултулган. Бардыгы болуп Жерге 382 кг ай таштары жана реголит жеткирилген. Үлгүлөр чоң тарыхый мааниге ээ жана окумуштуулар үчүн аларды NASAдан алуу оңой болгон эмес. Бирок агенттик ошого карабастан микро бакчаны өстүрүү үчүн 12 грамм материал алууга уруксат берген. Чондугу оймоктой болгон идиштерге бир граммдан ай…
Прочитайте большеТашкентте Борбор Азиядагы алгачкы океанариум ачылды
Борбор Азиядагы эң чоң океанариум Өзбекстандын борбор калаасы Ташкентте ачылды. Бул тууралуу шаардын акимчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Гигант аквариум Ташкенттеги ири “Magic City” оюн-зоок паркында ачылган. Узундугу 20, тереңдиги 3,8 метрди түзгөн аквариум-туннельде балыктын, жыландардын, медузанын жана курт-кумурскалардын жүздөн ашык түрү жашайт. Ошондой эле, келген коноктордун чордонунда болуп жаткан чоң акулалар бар. Маалыматка ылайык, океанариумга кирүү баасы балдар үчүн 75 000 сумду (болжол менен 7 доллар) жана чондор үчүн 100 000 сумду (9 доллар) түзөт.
Прочитайте большеЧилиде динозаврдын жаңы түрү табылды
Динозаврдын куйругу жалбырак сымал түзүлүштө биригишкен жети жуп жалпак сөөктөн турат. “Stegouros elengassen” деп аталган динозаврдын калдыктары Чилинин түштүк аймагы болгон Патагониядагы Магалланес провинциясынан табылды. Болжол менен 2 метр өлчөмүндөгү «анкилозавр» деп аталган кичинекей динозавр фоссилинин болжол менен 71,7 миллиондон 74,9 миллион жыл мурда жашагандыгы аныкталды. Динозаврдын куйругу жалбырак сымал түзүлүштө биригишкен жети жуп жалпак сөөктөн турат.
Прочитайте большеАбу-Дабиде Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум ачылды (фото)
Бириккен Араб Эмираттарында Жакынкы Чыгыштагы эң ири аквариум – Абу-Дабинин Улуттук аквариуму ачылды. Анда 33 миңге жакын деңиз жаныбарлары жашайт. Аквариум аянты жети миң чарчы метрди түзөт. Бул жерге жыл сайын бир миллионго чейин коноктор келе алышат. Комплексте Жакынкы Чыгышта эң узун суу астындагы туннел бар. Бул жерде 80ден ашык деңиз биологдору жана башка адистер эмгектенишет. Алар деңиз жашоочуларына көз салып, деңиз фаунасынын жандыктарын изилдешет. Мындан тышкары, Улуттук аквариумда билм берүү бөлүмү ачылып, анда жылына…
Прочитайте большеВидео: Японияда учуучу мотоцикл жасалды
Япониянын “ALI Technologies” компаниясы саатына 100 чакырым жүрүүгө жөндөмдүү болгон “учуучу мотоциклин” көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты. Бул укмуштуу техниканы “Xturismo” деп аташкан. Ал катуу ылдамдыкта токтобой 40 мүнөткө чейин жүрө алат. Баасы 682 миң доллар. Презентация учурунда “Xturismo” жерден бир нече метр бийиктикке көтөрүлүп, абада бир жарым мүнөттөй айланып турду. Аппараттын салмагы 300 кг. жана ал бир адамды көтөрүүгө ылайыкталган. *ALI Technologies” компаниясы заказдарды ала баштады. 200 даанадан турган биринчи партиясын чыгарууну…
Прочитайте большеВидео: Голландиялык студенттер күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты
Эйндховен Технологиялык университетинин студенттеринен турган команда толук күн энергиясы менен жүргөн дөңгөлөк үстүндөгү үй жасашты. “Stella Vita” деп аталаган унаанын ичинде керебет, муздаткыч, ажаткана, диван жана кичинекей ашкана аянты бар. Унаа күн ачык мезгилде 730 чакырым жол жүрө алат.Унаанын чатырына күн панелдери орнотулган.Авторлордун айтымында, унаанын аккумулятору аба ырайына жараша эки-үч күндө толук кубатталат.Аба ырайы начар болгон учурларда аккумуляторду электромобилдерди кубаттоочу станциялардан кубаттаса болот.Унаанын ичиндеги бардык тиричилик техникалары күндүн энергиясы менен иштейт.Команданын мүчөсү Тийна Тер Хорсттун айтымында, мындай…
Прочитайте большеРекорд: Шулико Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өттү (видео)
Кыргызстандык суучул Владислав Шулико 180 чакырымга созулган Ысык-Көлдү узунунан сүзүп, марага жетип жаңы рекорд койду. Спортчу 22-августта Ысык-Көлдүн Каракол шаарынан баштап сүзүп, бүгүн 27-августта Балыкчы шаарындагы “Алия” эс алуу жайына келди. Көл жээгинен аны Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү эл жана жакындары тосуп алышты.
Прочитайте больше