Токио – 2020 олимпиадасынын кыз-келиндер күрөшү мелдешиндеги финалда күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова Токиодогу акыркы беттеши тууралуу билдирди. “Мен өзүмө да, мелдештин натыйжасына да нааразымын. Бардыгы мени алтын алат деп күтүшкөн, бирок элдин ишеничин актап, тарых жарата алган жокмун.”Анын айтымында, мелдештен алдыраак өзү жакшы даярдыкта болгону менен беттешүүдө тилекке каршы машыктыруучунун айткандарын толук аткара алган эмес.Айсулуу Тыныбекова мындай деп кошумчалады: “Жараткандын буюругу менен күмүшкө ээ болуп отурам, бүгүн муну кабыл алышым керек. Биздин жашоо бул күрөш,…
Прочитайте большеКыргызстан
Жаңы окуу жылы кандай форматта башталат?
Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңы окуу жылы оффлайн форматта өтүүсү үчүн эки шартты белгиледи. Анын айтымында, окуучулар салттуу түрдө мектепте билим алуулары үчүн биринчиден бардык мугалимдер жана мектеп кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт. Ал эми Саламаттыкты актоо минитрлигинин берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө мугалимдердин 60-70 пайызы гана эмделишкен. Ошондой эле, Жусупбекова экинчиден өлкөдөгү эпидемиялык абалга көңүл буруларын баса белгилеп, жергиликтүү штабдардын чечими менен гана окуучулар мектепке бара башташарын айтты. “Ал үчүн ата- энелер жана окуучулар азыртадан саламаттык жактан…
Прочитайте большеХабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келди
Бүгүн, 3 -августта UFCнин жеңилбес чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга келгенин EFC 38 турниринин PR-кызматынан билдиришти. Аны «Манас» эл аралык аэропортунан EFC 38 турниринин уюштуруу комитетинин өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.Нурмагомедов кыргызстанга Зубайра Тухугов, Имар Нурмагомедов, Умар Нурмагомедов, Усман Нурмагомедовдор менен чогуу келди, алар Хабибдин командасына кирет.Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл облусу) 3-августта өтө турган Eagle Fighting Championship (EFC 38) лигасынын аралаш мушташ боюнча турниринин ардактуу коногу болот. Турнир саат 17: 00дө башталат.Спорттук иш-чара 19 беттешти камтыйт, алардын…
Прочитайте большеКурманбек Бакиев апта аягында Кыргызстанга келеби?
Социалдык тармактарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин жакынкы күндөрдө өлкөгө келери тууралуу маалыматтар таркоодо. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул маалымат боюнча ар кандай пикирлерин билдирип, комментарий калтырып жатышат. Айрымдары “Ак ийилет, бирок сынбайт” десе, кээ бирлери “ Ал кишинин кылгандарын кыргыз эли унута элек” деп жазышууда. Кыргыз бийлиги Кумтөр боюнча эл аралык соттук териштирүүдө “Центерра Голд” мурдагы мамлекет башчыларын “сатып алганын” далилдөөгө аракет жасоодо жана ага байланыштуу мурдагы президенттер Аскар Акаевге, Курманбек Бакиевге жана Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши козголгон. Кечээ, 2-августта издөөгө…
Прочитайте большеУКМК: Аскар Акаев Бишкекте сурак берип жатат (видео)
Издөөгө алынган мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.Эскерте кетсек, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында мурдагы президент Аскар Акаев дагы бар экенин билдирген эле.Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы Камеко менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоо учурунда коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.Маалыматка ылайык, УКМК тергөө учурунда…
Прочитайте большеКыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалга чыкты
Токио 2020 олимпиадасында 77 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов финалга чыкты. Белгилей кетсек, ал Армениядан келген Карапет Чалянды 6: 2 эсебинде утуп алды. Буга чейин Акжол тунистик күрөшчүнү (11: 0) жана азербайжандык спортчуну (9: 1) мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Эртең финалда (3-август) анын атаандашы Тамаш Леринц (Венгрия) болмокчу.Ал эми, бүгүн балбандар Узур Жузупбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга өтө албай калган жолугушууларын өткөрүштү.Эске салсак, анын алдында 74 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча турнирдин жарым финалына чыккан.
Прочитайте большеЫсык-Көлдө 100 миң долларга курулган паркты суу каптады (Фото)
Каракол шаарында дарыядагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында «Ривер Парк» жабыркагандыгын Turmush басылмасы билдирет. Маалыматка караганда, парктын аймагын суу каптагандыктан көпүрөлөр, беседкалар, спорттук тренажерлор талкаланган. «Ривер Парк» Ысык-Көл облусундагы жээкте курулган жалгыз парк болуп эсептелет. Парктын аймагы бир нече эс алуу жайларына бөлүнгөн. Ошондой эле эки бөлүгү көпүрө аркылуу туташкан. «Ривер Парк» 2017-жылдын 9-сентябрында ачылган. Шаар мэри Данияр Арпачиевдин айтымында, сейил бактын курулушунун сметалык баасы 7 миллион сомду түзгөн (Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча 102 миң…
Прочитайте большеОрхан Инандынын жубайы түрк элчисин сотко берди
Орхан Инандынын жубайы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды сотко берди. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.Белгилей кетсек, Ахмет Садык Доганга каршы арыз берилгенинин себеби, ал мурдараак Орхан Инандыны Борбор Азиядагы ФЕТОнун башчысы катары Кыргызстанга коркунуч алып келээрин жана өтө жаман адам экенин айткан.Орхан Инандынын аялы бул тууралуу мындай деди: «Ахмет Садык Доган менин жолдошум жөнүндө жалган маалымат таратты. Алар бир гана Орхан Инандыны эмес, биздин бүт үй-бүлөбүздүн ар-намысын жана кадыр-баркын жаманатты кылышат. Күнөөсүздүк презумпциясы принцибине ылайык, кылмыш жасаган…
Прочитайте большеБишкектин отканалары көмүрдөн газга которулат
Бир откананы көмүрдөн газга өткөрүү орто эсеп менен жылына зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун 25 тоннага кыскартат. Бул тууралуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйынында билдирди.Анын айтымында, буга чейин «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 23 отканасы газ менен иштеп жатат. Калганын экологиялык газга өткөрүү пландалууда.Белгилей кетсек, Бишкекте жыл сайын, айрыкча кыш мезгилинде абанын булгануусу жогорку деңгээлге жетип турат. Буга жылытуучу отканаларга көмүрдөн пайдалануу себеп болсо, бир четинен таштанды полигонунан чыккан түтүн да кошумча болот.Бактыбек Кудайбергеновдун билдиргенине ылайык, бүгүнкү…
Прочитайте большеБишкекте күндүн рекорддук ысышы күтүлөт
Гидрометеорология агенттиги аба температурасынын катуу ысышын билдирди. Синоптиктердин айтымында, бүгүн 26-июлда Кыргызстанда абанын температурасынын кыйла жогорулашы күтүлөт.Гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндүү зонасында аба +40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 39 градуска чейин ысыйт.Ал эми, Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы плюс белгиси менен 23-25, күндүзгү жогорку температурасы +40 болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги айлана-чөйрөнүн жогорку температурасы коомдук саламаттык үчүн коркунучтуу фактор экендигин эскертти.«Бул айрыкча кары адамдарга, кош…
Прочитайте большеКыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жайгарылды
24-июлда Баткендин Көк-Таш аймагындагы кыргыз-тажик чек арасында катталган чатак боюнча президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү маалымат таратып, кырдаал жайгарылганын билдирди. Расмий маалыматта, Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде эки тараптан тең чек арачылар ок чыгарганы айтылат. Чатакташууга чек арадагы талаштуу тилкеде тажик жарандары тазалоо иштерин жүргүзгөнү себеп болгон.“Учурда абал туруктуу, жеринде эки тараптын чек ара кызматтары, Баткен районунун акими жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө. Жараат алгандар жок”, – деп айтылды облустук бийлик тараткан…
Прочитайте большеПрезидент уулу менен коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, уулу менен коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Мамлекет башчысы менен анын уулу коронавирус инфекциясына каршы вакцинанын биринчи дозасын борбордогу мобилдүү эмдөө пункттарынын биринде алышты. Садыр Жапаровго эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу паспорт берилди. Президент кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар бир адамдын жеке иши экенин, эч ким эч кимди иммунизацияга мажбурлабастыгын айтты. Анын айтымында, акыркы убактарда коомчулукта ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтар, анын ичинде коңшу өлкөлөр Кыргызстанга бекер вакцина берип, өлкө…
Прочитайте большеКаныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында орунга илинбей калды
Кыргызстандык спортчу Каныкей Кубанычбекова Олимпиада оюндарында 10 метр аралыктан ок атуу спорту боюнча 48-орунга илинди. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын сайтында айтылат. Ал 24-июлда 50 спортчунун ичинен 612,8 упайы менен 48-орунга жайгашты. Финалга өтүш үчүн спортчулар 628,5 упай топтоо керек эле. Белгилей кетсек, кечээ, 23-июлда Токиодо Олимпиада оюндары расмий ачылды. Салтанаттуу параддан Кыргызстан командасы 56-катар менен өтүп, Каныкей Кубанычбекова менен Денис Петрашов тууну көтөрүп чыгышты. Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.
Прочитайте большеКыргызстандын муфтийи эмдөөдөн өткөнү калп болдубу? (сүрөт+видео)
Кыргызстандын жаңы шайланган муфтийи Замир Ракиев коронавируска каршы эмделди деген маалымат 15-июлда жаңылыктар сайттарында пайда болду. Бирок, айрым интернет колдонуучулар муфтийдин эмдөө учурунда түшкөн сүрөтүнө таянып, анын эмдөөдөн өткөнүн калпка чыгарышып, талкууга салышкан. Аларга медайым уколду туурап, шприцти арткы капталынан кармап тургандай сезилген. Сүрөттү текшерүү өтүнүчү менен окурмандар Factcheck.kgге кайрылышты. Сүрөттө фотомонтаждын издери бар-жогун текшерип, сүрөт чыныгы экендиги аныкталды.Изилдөө иштери муфтияттын сайтына шилтеме берип, 15-июлда Кыргызстандын Жогорку муфтийи Замир Ракиев Бишкектеги эмдөө борборунда коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу…
Прочитайте большеБишкекте Иран — Кыргызстан бизнес-форуму өтүп жатат (ФОТО)
Бишкектеги “Дамас” мейманканасында Иран — Кыргызстан бизнес форуму өтүүдө. Иш-чаранын негизги максаты – Иран менен Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана чыңдоо болуп саналат. Бул тууралуу “Eurasia Today” МА корреспонденти жеринен маалымдайт. Форумга катышуу үчүн Ирандын айыл чарба, өнөр жай, курулуш материалдары, тоо-кен, фармацевтика жана медициналык шаймандарды өндүрүү жаатындагы 40 ири компаниянын өкүлдөрүнөн турган ири делегация келди. Иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин өкүлдөрү, Кыргызстандын Каржы министринин орун басары Шаршекеев Айдин, Иран Ислам…
Прочитайте больше