Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов финалга чыкты

Токио 2020 олимпиадасында 77 килограммга чейинки салмакта грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов финалга чыкты.

Белгилей кетсек, ал Армениядан келген Карапет Чалянды 6: 2 эсебинде утуп алды.
 Буга чейин Акжол тунистик күрөшчүнү (11: 0) жана азербайжандык спортчуну (9: 1) мөөнөтүнөн мурда утуп алган.
 Эртең финалда (3-август) анын атаандашы Тамаш Леринц (Венгрия) болмокчу.
Ал эми, бүгүн балбандар Узур Жузупбеков менен Мээрим Жуманазарова жарым финалга өтө албай калган жолугушууларын өткөрүштү.
Эске салсак, анын алдында 74 килограммга чейинки салмакта Айпери Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча турнирдин жарым финалына чыккан.

Комментарий жиберүү