УКМК: Аскар Акаев Бишкекте сурак берип жатат (видео)

Издөөгө алынган мурдагы президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилди.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында мурдагы президент Аскар Акаев дагы бар экенин билдирген эле.
Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003-жылы Камеко менен түзүлгөн башкы келишимди реструктуризациялоо учурунда коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Маалыматка ылайык, УКМК тергөө учурунда аны республиканын аймагына алып келүү менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган активдүү иштер жүргүзүлгөн.
УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында бүгүн, 2-августта экс -президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилип, андан кийин дароо эле ведомстволор аралык тергөө тобуна которулган.
Учурда ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында жана анын катышуусу менен Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Комитетттин маалымат кызматы УКМК тергөөнүн жыйынтыктары жана ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер боюнча коомчулукка кошумча маалымат берерин билдирди.

Комментарий жиберүү