Бишкекте күндүн рекорддук ысышы күтүлөт

Гидрометеорология агенттиги аба температурасынын катуу ысышын билдирди.

Синоптиктердин айтымында, бүгүн 26-июлда Кыргызстанда абанын температурасынын кыйла жогорулашы күтүлөт.
Гидрометеорология агенттигинин маалыматына ылайык, Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндүү зонасында аба +40 градуска чейин, Талас өрөөнүндө 39 градуска чейин ысыйт.
Ал эми,  Бишкек шаарында абанын түнкү төмөнкү температурасы плюс белгиси менен 23-25, күндүзгү жогорку температурасы +40 болуп, жаан-чачын күтүлбөйт.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги айлана-чөйрөнүн жогорку температурасы коомдук саламаттык үчүн коркунучтуу фактор экендигин эскертти.
«Бул айрыкча кары адамдарга, кош бойлуу аялдарга, балдарга, ошондой эле өнөкөт оорулардан (жүрөк-кан тамыр, өпкө оорулары, кант диабети) жабыркагандарга, ошондой эле коронавирус инфекциясы менен ооругандарга тиешелүү.
Аба температурасынын ашыкча ысыктыгы организм тарабынан суюктуктун жана минералдык туздардын: калий, магний жана башка ашыкча жоготуулары менен байланыштуу. Анткени, кан коюуланып, жүрөк-кан тамыр системасына кошумча жүк түшөт, кан уюп калуу коркунучу болушу мүмкүн. Андыктан, мүмкүн болсо күндүн түз тийишинен алыс болуңуз. Көлөкөдө жүргөнүңүз жакшы же сырттагы убактыңызды чектеңиз. Айрыкча саат 12.00дөн 17.00гө чейин өтө ысык болот. Бул учурда күндүн нурлары демейдегиден ысыйт. Демек, ушул мезгилде салкын бөлмөдө болууну өзүңүз үчүн эрежеге айландырышыңыз керек. Күндөн коргоочу колдонгула – калпак, кол чатыр. Мүмкүн болсо, ушул убакыт аралыгында физикалык жана психикалык стрессти азайтыңыз. Суунун режимин сактаңыз», – деп эскертти департамент.

Комментарий жиберүү