Жаңы окуу жылы кандай форматта башталат?

Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова жаңы окуу жылы оффлайн форматта өтүүсү үчүн эки шартты белгиледи.

Анын айтымында, окуучулар салттуу түрдө мектепте билим алуулары үчүн биринчиден бардык мугалимдер жана мектеп кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү шарт.

Ал эми Саламаттыкты актоо минитрлигинин берген маалыматына караганда, бүгүнкү күндө мугалимдердин 60-70 пайызы гана эмделишкен.

Ошондой эле, Жусупбекова экинчиден өлкөдөгү эпидемиялык абалга көңүл буруларын баса белгилеп, жергиликтүү штабдардын чечими менен гана окуучулар мектепке бара башташарын айтты.

“Ал үчүн ата- энелер жана окуучулар азыртадан саламаттык жактан даярдануулары зарыл”, – деди ал.

Эске салсак, былтыркы окуу жылынын экинчи жарым жылында 1, 5, 9 жана 11 класстын окуучулары гана эки группага бөлүнүү менен оффлайн форматта окушкан.

Комментарий жиберүү