Ысык-Көлдө 100 миң долларга курулган паркты суу каптады (Фото)

Каракол шаарында дарыядагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнүн натыйжасында «Ривер Парк» жабыркагандыгын Turmush басылмасы билдирет.

Маалыматка караганда, парктын аймагын суу каптагандыктан көпүрөлөр, беседкалар, спорттук тренажерлор талкаланган. «Ривер Парк» Ысык-Көл облусундагы жээкте курулган жалгыз парк болуп эсептелет.

Парктын аймагы бир нече эс алуу жайларына бөлүнгөн. Ошондой эле эки бөлүгү көпүрө аркылуу туташкан.

«Ривер Парк» 2017-жылдын 9-сентябрында ачылган. Шаар мэри Данияр Арпачиевдин айтымында, сейил бактын курулушунун сметалык баасы 7 миллион сомду түзгөн (Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча 102 миң 221,42 доллар).

Паркта жарандар жана коноктор үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Долбоор «Дестинация Каракол» коомдук бирикмеси тарабынан USAIDдин бизнести өнүктүрүү демилгеси жана шаардык мэрия менен биргеликте ишке ашырылган.

Комментарий жиберүү