Орхан Инандынын жубайы түрк элчисин сотко берди

Орхан Инандынын жубайы Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды сотко берди.

 Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Белгилей кетсек, Ахмет Садык Доганга каршы арыз берилгенинин себеби, ал мурдараак Орхан Инандыны Борбор Азиядагы ФЕТОнун башчысы катары Кыргызстанга коркунуч алып келээрин жана өтө жаман адам экенин айткан.
Орхан Инандынын аялы бул тууралуу мындай деди: «Ахмет Садык Доган менин жолдошум жөнүндө жалган маалымат таратты. Алар бир гана Орхан Инандыны эмес, биздин бүт үй-бүлөбүздүн ар-намысын жана кадыр-баркын жаманатты кылышат. Күнөөсүздүк презумпциясы принцибине ылайык, кылмыш жасаган деп айыпталган ар бир адам сот процесси аяктаганга чейин күнөөсүз деп табылууга укуктуу .”

Эскерте кетсек, Орхандын жубайы Рейхан Инандынын арызы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна берилген.
Ал  ошондой эле Ахмет Садык Доганды өз сөзүн төгүндөөнү милдеттендирүүнү өтүнөт.

Ал эми Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 5-июлда мамлекеттик ТРТ Хабер телеканалынын эфиринде ФЕТОнун эң жогорку лидерлери деп аталган Орхан Инанды колго түшүрүп, Кыргызстандан Түркияга алып кеткенин айткан.

Орхан Инанды 2021-жылы 31-майда жоголгон. Анын жубайы президент Садыр Жапаровдон күйөөсүн табууга төрт жолу жардам сураган. 6-июлда мамлекет башчысы берген маегинде өкмөт Инандыны тез арада Кыргызстанга кайтарып берүүнү талап кыларын айткан. Кийинчерээк өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшырып, Инандыны мекенине кайтарууга чакырган.

Комментарий жиберүү