Айсулуу Тыныбекова: Кыргызстанга алтын алып келгим келген

Токио – 2020 олимпиадасынын кыз-келиндер күрөшү мелдешиндеги финалда күмүш медалга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова Токиодогу акыркы беттеши тууралуу билдирди.

“Мен өзүмө да, мелдештин натыйжасына да нааразымын. Бардыгы мени алтын алат деп күтүшкөн, бирок элдин ишеничин актап, тарых жарата алган жокмун.”
Анын айтымында, мелдештен алдыраак өзү жакшы даярдыкта болгону менен беттешүүдө тилекке каршы машыктыруучунун айткандарын толук аткара алган эмес.
Айсулуу Тыныбекова мындай деп кошумчалады: “Жараткандын буюругу менен күмүшкө ээ болуп отурам, бүгүн муну кабыл алышым керек. Биздин жашоо бул күрөш, майданга чыккан ар бир адам жеңишти каалайт, демек бүгүн япондук кыз алтынга татыктуу болгон.”
Эске салсак, 4-августта өткөн финалдык беттешүүдө кыргызстандык чемпион Айсулуу Тыныбекова япондук атаандашына 3:4 упай менен уттуруп жиберген. Күмүш медалга ээ болгон Айсулууну куттуктап президент Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөшкөн. Учурда Токио – 2020 олимпиадасында кыргызстандык спортчулар 2 күмүш, 1 коло медалдарына ээ болушту.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов күмүш медалдууларга 7 млн. сом, ал эми коло медалдууларга 5 млн. жана алтын медалдууларга 10 млн. сом сыйлык берилээрин айткан.

Комментарий жиберүү