Бишкектин отканалары көмүрдөн газга которулат

Бир откананы көмүрдөн газга өткөрүү орто эсеп менен жылына зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгуусун 25 тоннага кыскартат.

Бул тууралуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын 23 отканасы газ менен иштеп жатат. Калганын экологиялык газга өткөрүү пландалууда.
Белгилей кетсек, Бишкекте жыл сайын, айрыкча кыш мезгилинде абанын булгануусу жогорку деңгээлге жетип турат. Буга жылытуучу отканаларга көмүрдөн пайдалануу себеп болсо, бир четинен таштанды полигонунан чыккан түтүн да кошумча болот.
Бактыбек Кудайбергеновдун билдиргенине ылайык, бүгүнкү күндө  жаңы санитардык полигондун курулушу башталып, эски таштанды полигонун жабуу жана калыбына келтирүү иштери улантылууда. “Таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна келсек, учурда биз Европалык Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкына бир этаптуу тендерди бекитүү жана жаңы тендердик сунуштарды иштеп чыгуу өтүнүчүн жөнөттүк ”, – деп баса белгиледи ал.
Анын айтымында, долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыясы жана Европа Биримдигинин гранттары менен каржыланып жаткандыгын эске алсак, инвестициялардын көлөмү 22 миллион еврону түзөт, анын ичинде 11 миллион евро насыя жана 11 миллион евро грант түрүндө берилет.

Комментарий жиберүү