Министрлер кабинети Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн авиациялык техникаларды жана учактарды сатып алууну пландаштырууда. Бул тууралуу мурда бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында жазылган. Анда өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чара көрүү үчүн авиациялык техника зарыл экени белгиленген. Тактап айтканда, жаңы тик учактар жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактардагы өрттөрдү өчүрүүгө жана жүктөрдү ташууга керек. Бирок, азырынча канча санда сатылып алынары белгисиз. Министрлер кабинети санитардык авиация үчүн жана куткаруучуларды өзгөчө кырдаал аймактарына…
Прочитайте большеКыргызстан
Орусия Кыргызстанга атомдук электрстанциясын курат
Орусия менен Кыргызстан КР аймагында аз кубаттуу атомдук электр станциясын курууну макулдашканын “Росатом” мамлекеттик корпорациясы Twitter социалдык тармагынан билдирди. Тиешелүү кызматташуу меморандумуна Орусиянын мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачев менен КРнын энергетика министри Доскул Бекмурзаев 20-январда Дубайда өтүп жаткан ЭКСПО-2020 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында кол коюшкан. Документке ылайык, Кыргызстандын аймагында “РИТМ-200Н” реактордук станциясынын базасында аз кубаттуу атомдук электр станциясын куруу, ошондой эле Кыргызстанга ядердик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жумушчулардын квалификациясын жогорулатууга көмөктөшүү пландалууда. “Декарбонизация жана экологиялык жактан таза энергия булактарын…
Прочитайте большеБишкекте мектептер карантинге жабыла баштады
Бишкекте 13 мектептин окуучуларынан жана мугалимдеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын №26, №88, №62, №60, №73, №12, №4, №38, №67, №11, №29, №18 жана №6чы мектептеринен коронавирус табылып, карантинге жабылды. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун нускамасы менен аталган мектептер аралыктан окутууга өткөрүлдү. Ошондой эле, №135чи бала бакча да толугу менен, №144чү бала бакчанын бир тайпасы жабылган. Белгилей кетсек, кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну жүрүп жатат. Жуктуруу учурларынын саны күндөн-күнгө өсүүдө. 18-январга карата…
Прочитайте большеБишкекте COVID-19 боюнча кырдаал начарлоодо. Мэриянын кайрылуусу
Бишкек шаардык мэриясы шаар тургундарын өз алдынча дарыланбоого жана дарыгерлерге байланышууга чакырды. Бул тууралуу Мэриянын басма сөз кызматы жазды. Маалыматта 17-январга карата Кыргызстан боюнча 781 учур катталса, анын 658и борбор калаада аныкталганын жана коронавирус боюнча абал курч экени айтылат. Тез жардам борборунун маалыматы боюнча, акыркы суткада 589 адам тез жардам кызматына кайрылган. Алардын 479уна жардам көрсөтүлгөн жана 412 бейтап телефон аркылуу консультация алышкан. Ошондой эле, 111 адам ооруканага жаткырылган. Алардын 21и COVID-19 менен, 37си пневмония…
Прочитайте большеCOVID-19: Акыркы суткага карата статистика
Акыркы суткада коронавирус дагы 586 адамдан аныкталды. Бул тууралуу COVID-19 боюнча атайын штаб билдирди. 14-январга карата маалымат: Бишкек – 435 Ош шаары – 22 Чүй облусу – 49 Ош облусу – 9 Талас облусу – 11 Нарын облусу – 1 Ысык-Көл облусу – 17 Жалал-Абад облусу – 37 Баткен облусу – 5 Жуктуруулардын жалпы учуру 188 206га жетти. Соңку суткада 111 адам айыгып ооруканалардан чыгышты жана илдеттен жалпы 180 740 киши айыкты. Акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустан …
Прочитайте большеCOVID-19: Бишкек кызыл зонада. Чектөө чараларын киргизүү зарыл
12-январга карата коронавирус боюнча тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, Кыргызстан “сары зонада”, ал эми Бишкек шаары “кызыл зонада” турат. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб билдирди. Буга чейин, Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганын жана өлкөдө жаңы “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген. Ошондуктан, Кыргызстанда COVID-19га каршы экинчи жана үчүнчү вакциналарды алуунун аралыгы кыскартылды. Эми кыргызстандыктар коронавирус инфекциясына каршы бустердик (вакцинанын 3-дозасы) дозаны…
Прочитайте большеCOVID-19: Акыркы суткада 742 учур катталды
13-январга карата бир суткада 742 адамдан коронавирус аныкталып, 3 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Эң көп Бишкек шаарында 632 учур катталган. Ал эми Ош шаарында 8, Чүй облусунда 42, Ош облусунда 5, Талас облусунда 8, Нарын облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 22, Жалал-Абад облусунда 15 жана Баткен облусунда 8 адамдан илдет табылган. Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны 187 миң 620га, каза тапкандардын жалпы саны 2826га жетти. Кечээ, 12-январга карата…
Прочитайте большеВице-мэр: Бишкекте мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидабалга жараша чечилет
Бишкекте мектептерди онлайн окутууга өткөрүү эпидемиологиялык абалга жараша чечилет. Бул тууралуу вице-мэр Виктория Мозгачева билдиргенин “Sputnik” агенттиги жазды. Анын айтымына караганда, учурда коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабдын отуруму күтүлүп жатат. “Отурумда Саламаттык сактоо министрлиги өз сунуштарын киргизсе керек. Азыр биз массалык иш-чараларды уюштурбай, жыйындарды онлайн-форматта өткөрүүнү сунуштап жатабыз. Мектептердеги эпидемиологиялык кырдаалга көз салып жатабыз. Бүгүн-эртең байкаштырабыз, ооругандар көп болсо чара көрөбүз”, – деген Мозгачева. Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталды. Дүйнө жүзүн кооптондурган…
Прочитайте большеКыргызстанда коронавирустун «омикрон» штаммы аныкталды
Кыргызстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясынын төртүнчү толкуну башталганын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ведомствонун маалыматы боюнча, өлкөдө жаңы “омикрон” штаммынын эки учуру – Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды. Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктуруунун 465 жаңы учуру аныкталып, илдетке чалдыгуунун өсүү тенденциясы байкалууда. Эске салсак, буга чейин Өзбекстанда “омикрон” штаммын жуктуруунун алгачкы учуру аныкталганы маалымдалган. Республиканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы “омикрон” штаммы 7-январда Өзбекстанга чет өлкөдөн келген чет элдик жарандан аныкталганын билдирген.
Прочитайте большеТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд куб метрден азайды
10-январга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9 млрд. 859 млн. куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады. Ушул тапта суу сактагычка секундасына 138 куб метр суу агып кирсе, андан 547 куб метр суу агып чыгууда. Былтыр март айынын аягында «Токтогулда» суунун көлөмү 8 миллиард куб метрге чейин азайган. Суу 6 миллиард куб метрге түшсө, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет. 2021-жылдын 15-октябрынан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн…
Прочитайте большеКыргызстан: Эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даярдык көрүлүүдө
Ыкчам штаб: Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашы ыктымалдыгына даярдык көрүү тапшырмасы берилди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында Ыкчам штабдын кезектеги жыйыны өттү. Жыйындын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министрлигинин республикадагы эпидемиологиялык абал жана калкты эмдөө боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалыматы угулду. Акыркы суткада 247 коронавирус инфекциясы катталды, алардын көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев калаадагы саламаттыкты сактоо уюмдарында оорулуулар көбөйгөн учурда 400 резервдик орун даярдала турганын билдирди. Учурда дары-дармектер…
Прочитайте большеКыргызстан Казакстанга 150 аскер жөнөтүүнү пландап жатат
Кыргызстан Казакстандагы кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтүү максатында 150 аскер жөнөтөт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында айтты. Мындан тышкары 8 бронетехника жана 11 аскердик унаа жөнөтүү пландалып жатканын билдирди. Ташиев Жаматтык коопсуздук жана кызматташтык уюмунун мүчөлөрү: Армения – 100-300, Орусия – 1400, Беларусия – 400, Тажикстан – 100-200 аскерин жөнөтүү боюнча чечим кабыл алганын да кошумчалап өттү. Эске салсак, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган….
Прочитайте большеВладимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди. «2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү күчөтүлдү. Биз Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты – элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү жүргүзө…
Прочитайте большеПрезидент Садыр Жапаровдун Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапары аяктады
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 28-декабрда Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон иш сапары аяктады. Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги катышуучу-мамлекеттердин жетекчилеринин салттуу бейформал жолугушуусуна катышты. Өлкө лидерлери коронавирустук пандемияга биргелешип каршы күрөшүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулап, бул көйгөйдөн чыгуунун натыйжалуу жолдору боюнча эксперттердин пикирин угуп, талкуу өткөрүштү. Бейформал саммитке Кыргызстан Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Белорусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев, Россия…
Прочитайте большеКыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолукту
Чек арадагы кырдаалды туруктуу кармоо максатында Кыргызстандын Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходирзадо жолукту. Жолугушууда эки тараптын милиция кызматкерлери буга чейинки окуяларды биргелешип иликтөө, чагымчылдык аракеттерди алдын алуу үчүн чараларды көрүү боюнча макулдашканы кабарланды. “Албетте, чек арада жакын күндөрү болуп кеткен окуяларды талкуулап, жолдо бараткан автоунааларга таш аткандарды биргелешип иликтөөнү макулдаштык. Айрыкча, майрамдын алдында кандайдыр бир абалды курчутуу үчүн терс көрүнүштөр болуп кетпесин деп, алдын алуу тууралуу сүйлөштүк. Ал үчүн эки райондун милиция…
Прочитайте больше