ӨКМга дрондор, тик учактар жана жүк ташуучу учактар сатылып алынат

Министрлер кабинети Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн авиациялык техникаларды жана учактарды сатып алууну пландаштырууда.

Бул тууралуу мурда бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында жазылган. Анда өзгөчө кырдаалдарда ыкчам чара көрүү үчүн авиациялык техника зарыл экени белгиленген. Тактап айтканда, жаңы тик учактар жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактардагы өрттөрдү өчүрүүгө жана жүктөрдү ташууга керек. Бирок, азырынча канча санда сатылып алынары белгисиз.

Министрлер кабинети санитардык авиация үчүн жана куткаруучуларды өзгөчө кырдаал аймактарына ыкчам жеткирүү үчүн “Eurocopter H 125” үлгүсүндөгү дагы эки жеңил тик учак, атайын каттамдар жана коомдук кызматтар үчүн “Ансат” тик учагын сатып алуу пландалып жатканын билдирди. Мындан тышкары, бийлик эки Ан-26 жүк ташуучу учагын сатып алууну көздөөдө.

Ошондой эле, учкучсуз учуучуу  аппараттар (дрондор) сатылып алынып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлүп берилет. Алардын жардамы менен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана учактарды техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды азайтуу максатында кооптуу аймактарга мониторинг жүргүзүү пландаштырылууда.

Тик учактарды 2022-жылдан 2026-жылга чейин, учактарды 2024-жылдан 2026-жылга чейин, дрондорду 2023-жылдан 2026-жылга чейин сатып алуу пландалууда.

Бул планды ишке ашыруу үчүн бийлик эл аралык донорлордон, анын ичинде гранттардан жардам сурамакчы.

Комментарий жиберүү